Төралиев Садирдин

Википедия дан

Төралиев Садирдин (20. 5. 1946-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - коомдук ишмер жана жетекчи кызматкер.

Кесиби - экономист, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун алгачкы өнүктүрүүчүлөрүнөн. «Суусамыр» энциклопедиясынын түзүүчүсү жана демилгечиси. Эмгек жолун Суусамыр айылдык керек-жарак коомунда иштеп баштаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн (1972). Жолдомо менен Фрунзедеги борбордук мамлекеттик банкта экономист, 1973- 85-жылдары Кыргыз керек-жарак коомдор Союзунун тармагында ар кандай кызматтарды аркалаган.

Ак-Талаа, Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунда башкарманын орун басары жана башкарма, 1975-жана 1981-жылдары Москвага Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө сыйлык иретинде жолдомо алып, барып келген. 1985-97-жылдары Финансы министрлигинде улук экономист, Сокулук райондук финансы бөлүмүнүн башчысына орун басар, Токой чарба мамлекеттик комитетинде башкы бухгалтер, АКБ «Кыргызстан» банкында жетектөөчү адис, 1-Май бөлүмүндө башкы бухгалтер жана Сосновка фабрикасында жетекчи болуп иштеп келген. 1985-86-жылдары Санкт-Петербург шаарындагы Н. А. Вознесеновский атындагы институтта кесибин өркүндөтүү курсунда окуган. Нарын облустук керек-жарак коомунда баштапкы партиялык уюмдун катчысы, Ак-Талаа, Ысык-Ата райондук партиялык комитеттердин мүчөсү, ЫсыкАта, Жайыл райондук жана Суусамыр айылдык кеңешинин депутаты жана Суусамыр айыл кеңешинин төрагасы болуп шайланган (1997-2005). Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Асан Раимкуловдун коомдук жардамчысы болгон (2000-05). Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын II (2001) курултайынын делегаты. 199 7-2001-жылдары айыл өкмөтүнүн башчысы кызматы менен бир учурда Суусамыр дыйкан чарбалар бирикмесинин төрагалык милдетин аткарып келген. Айыл өкмөт башчысы болуп турганда Суусамырдын социалдык-экономикалык абалы жогорулоодо болгон. 1998-2000-жылдары айдоо аянты 8,0 миң гага жетип 12,0 миң гдан ашуун арпа, 17-18 мин т кесек тоют даярдалды, өткөөл учурда бул жогорку көрсөткүч болгон.

Айыл өкмөтү, мектептер электр энергиясы менен жылууга өткөрүлдү. Тунук орто мектеби реконструкцияланып кайра курулду. Кожомкул айылындагы мектептин жаңы типтүү проектиси 2004-ж. бүтүрүлүп, курууга каражат бөлүндү.

Кызыл-Ой кыштагында суу ташкынынан сактоочу Көкөмерен дамбасы курулду. Кожомкул кыштагында жаңы электр линиясы тартылды. Кожомкул балбандын жер титирөөдө кулап калган күмбөзү калыбына келтирилди. Суусамыр кыштагында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган мемориалдык такта жана «Тынчтык» паркы түптөлдү. Кароол-Дөбөнүн этегинде Кожомкул атындагы ат майданы курулду. Суусамырда биринчи жолу мамлекеттик архивдин бөлүмчөсү, КСФКнын Суусамыр өрөөнү боюнча өкүлчүлүгү ачылды (азыркы Айыл банкы; республика боюнча жалгыз Суусамыр айыл өкмөтүндө гана ачылган). Суусамыр кыштагына 2004-ж. мечит курулган. Сүттү иштетүүчү пункт ачылган.

Суусамыр мектебинин жараксыз абалга келген залы реконструкцияланып, анын ордуна айылдык маданият үйү ачылган. Мындай клубдар Кожомкул, Кызыл-Ой кыштактарында да ремонттолгон. Ушул жылдары бюджеттен тышкары айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү багытына 70,0 млн сомдон ашык инвестиция тартылган. Республиканын айыл жана суу чарба министрлигинин (1997, 2002), Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу конгрессинин (2002), Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталарына (2003) татыктуу болгон. 2001-ж. «Кыргыз Республикасына 10 жыл» төш белгисин алган.

2003-ж. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүү жагындагы сиңирген эмгеги үчүн Суусамыр айыл өкмөтүнө эл аралык тоо жылына арналган республикалык конкурста жеңүүчү болуп, Кыргыз өкмөтүнүн I даражадагы диплому ыйгарылган. Ал мезгилдүү басма сөз беттеринде, коомдогу абал, көйгөйлүү маселелер, маданий жана социалдык турмуштун деңгээли тууралуу ой-пикирин жана аларды чечүү жолдору тууралуу көз караштарын дайыма коомчулукка билдирип келген.

1997-2002-жылдары мындай басылмаларга анын Юдон ашык макала-интервьюлары чыккан. Эс алууда жүрүп, эл-жеринин көгөйүн ойлоп, келечегине көз чаптырып, 2007-жылдагы «Айыл өкмөтү» гезитинин № 25, № 27 сандарына «Суусамыр өрөөнүн кантип өнүктүрсө болот?» деген жана № 31 санына «СуусамырАрал-Кочкор» автожолу тууралуу атуулдук ой-пикирлери жарык көргөн. «Суусамыр» энциклопедиясын даярдап, жазып, өз каражатына жарыкка чыгарды, (2010). Чал уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9