Төрт жалбырактуу мандалак

Википедия дан

Төрт жалбырактуу мандалак (лат. Tulipa tetraphylla, Regel) - Пияз түптүү эфемероид. Пияз түбү жазы жумуртка сымал, диаметри 1,5-3 см, кара- күрөң, катуу, калың кабыктуу. Сабагынын бийиктиги 3 -25 см, түксүз. Жалбырактары (3-7), орок сымал, быржыктуу, көпчүлүк учурда ийри-буйру, кур сымал, боз, түксүз, ак кырдуу. Гүлү 1-4, сары, гүл коргону кыйшык (имерилген). Гүл коргонунун сырткы желекчелери (узуну 2-6 см, туурасы 0,7-2,9 см) жазы ланцеттүү же сүйрү ромбдой, сыртынан капталы узун көрүнгөн саргыч-жашыл тактуу, учундагы кыры сары, ички капталы сапсары. Ички желекчелери ичке, тескери сүйрү жумуртка сымал, узундугу 1,3-5,8 см, туурасы 0,8-3,5 см; сырты сары, борбордук тарамышы жашыл, эки жагынан тең штрихтей, жазы, учтугуй, жашыл тактуу, ички капталы нак сары. Аталыгы гүл коргонунан үч эсе кыска, бирок мөмөлүгүнөн бир жарым эсе бийик. Кутучасынын узундугу 3,7 см, туурасы 1,7 см, жазы созулуңку, учуна жана түбүнө кескин ичкерген, тегинде карпофоралуу (бийиктиги 0,5 см ге, туурасы 0,4 см ге жеткен); жогору бөлүгү кыска мамычага ичкерген (узундугу 0,4 см ге чейин).

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Май айында гүлдөйт, мөмөлөөсү боюнча маалымат жок. Жалпы жана өлкөдө таралышы. Ички Тянңшанң.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таштуу беттер.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалыматтар жок.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын чарбачылык иш аракеттери: жазында мал жаюу, гүлүн үзүп, пияз түптөрүн казып алуу.

Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иштелип чыкпаган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Популяциясына иликтөө жүргүзүп, түр кеңири таралган жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу. Гүлүн үзүп, пияз түбүн чогултуп, мал жаюуга тыюу салуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU. Ички Тянь-Шандын эндеми.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]