Төрөев Карагул

Википедия дан

Төрөев Карагул 1896-жылы Сузак районунун Кулбайуулу айылында туулган.

Жаш кезинен зээндүү болуп молдолордон билим алган. Совет өлкөсү орногондон активист болуп, өкмөттүн жооптуу кызматтарында иштеген. Комунисттик Партиянын катарына өткөн. Жаңы түз үлгөн ‘‘Жаңы Кайрат” колхозунда башкарма, Kapa-Алма айыл кеңешинде төрага болуп иштеген.

Улуу Ата Мекендик согушка катышып келгенден Кийин, колхоздун башкармасы, участка башчысы, айыл башчы кызматтарын аткарып келген.

Анын чынчылдыгы, тазалыгы, дайыма бетке айтып туура сүйлөгөнү Көк-Арт өрөөнүндөгү элдер үчүн үлгү болгон. Анын артында өрт Карагул деген ат калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3