Төрөттөн кийинки оору
Төрөттөн кийинки оору — төрөттөн кийинки мезгилде жыныс органдарынын сезгенүү оорулары.
Төрөттөн жабыркаган (сыйрылган, айрылган) жатын, жатын кыны, жатын моюнчасына оору чакыруучу микробдордун жана денедеги сезгенүү булагынан (алкым безинин сезгенүүсү, тиштин чириши) ириңдетүүчү микробдун түшүшүнөн пайда болот. Мындан сырткары оорунун пайда болушуна боюнда бар кезде тамактануу, өздүк гигиена эрежелерин бузуу, кеч талгак болуудан организмдин алсыздануусу (Талгак) жана башкалар оорулар, каканак суусунун эрте кетиши да себеп болот. Жатын же жатын кынына түшкөн микробдор ошол түшкөн жерди сезгендирет, андан ары жатын тегерегин. жамбаштын май клеткасын сезгендирип, сепсиске айландырат.
Башталышы жана белгилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адатта төрөттөн кийинки оору төрөттөн кийин 3—5 күнү башталат. Аялдын жалпы абалы начарлап, чыйрыгат, эти ысып, башы ооруйт. Айрым учурда оорунун белгилери анча билинбейт. Төрөт үйүнөн чыгып келгенден кийин аялдын абалы начарлап, эти ысыйт, заара ушатуусу кыйындап, ичи катат. Оорунун мындай белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек.
Алдын алуу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Төрөттөн кийинки оорулардын алдын алууда боюнда бар кезде, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде врачтын сунуштарын аткаруунун мааниси зор. Бойго бүткөндө врачка убагы менен кайрылуу, талгакты дарылоо, өздүк гигиена эрежелерин туура сактоо керек.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8