Төшөк талашуу

Википедия дан

Төшөк талашуу– кыргыздын илгерки куда салтында, кызды узатаар күнү айылдагы аялдардын кудадан ырым өндүрүү үчүн жасаган тамашасы. Анын жөнү мындай: айылдагы аялдар бир нече арканды бириктирип эшип, аны абдан узартып, бир башын түптүү ташка шыпырылбагыдай кылып бекитет. Андай ыктуу таш болбосо, жоон мамы орнотуп, арканды байлап салат. Арканды чубап таштап коёт. Ошондо куда тарабынан келген эркектер чогулуп, арканды жулуп кетиши керек. Жулуп кетсе – эч нерсе жол айтпай кутулуп кетет. Эгер жула албаса, кудалардын дасмыясына карата аялдарга мал энчилейт. Куда тарабы бай болсо, бээ да берет. Ошол арканды жулуп кетүү үчүн тартып жатканда, аялдар табакка сала келген күлдү аркан тарткан эркектердин бетине чачат. Аябаган чоң күлкү болот. Эл жарданып карап турат. Кудалар күлала болгондон көрө жол айтып, аркан тартпай эле кутулушат. Бул жосун илгери болгон. Азыр жаңы салт, жакшы ырым жасалууда. Жогорку айтылгандардын этнографиялык гана мааниси калды. Азыр да кээ бир тойдо жогорку ырымды тамаша үчүн, бир чети бир нерсе өндүрүү үчүн иштеши мүмкүн. Кыргыздын “ оору калса да, адат калбайт “ деген макалынын бир маанисине ушу салт да кирет.