Эки өркөчтүү төө

Wikipedia дан
(Төө, эки өркөчтүү барагынан багытталды)
Эки өркөчтүү төө
Drabař.jpg
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Camelus bactrianus Linnaeus, 1758

Синонимдер
Camelus ferus Przewalski, 1878
Аймак
сүрөт
     жапайы бактриандын жашоо чөйрөсү
Төө куш
Wikispecies-logo.svg
Систематика
Уикитүрлөрдө
Commons-logo.svg
Сүрөт
сүрөт издөө
ITIS   625026
NCBI   9837
EOL   344581

Кош өркөч төө (лат. camelus) - Ойсул-Ата колдогон төө климаттын катаал шарттарына чыдамдуу келип, какыраган чөлдө адамды жөө калтырбаган ишенимдүү жандык экени белгилүү жана ошондой эле төөлөр сууда мыкты сүзүшөт.Төмөнкү макаладан төө жана анын ичинен мекенибизде кеңири тараган айры өркөчтүү төө тууралуу кызыктуу маалыматты табасыз.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Төөлөр (латынча илимий аталышы – camelus) – ача туяктуулар түркүмүнө кирген жандыктар. Алар чөлдүү, кургак талааларда жашоого ылайыкташкан. Биздин заманга чейинки 2500 жыл мурда айры өркөчтүү төө адам тарабынан колго үйрөтүлгөнү маалымдалат. Учурда жапайы төөлөр Борбордук Азиянын , Индиянын , Монголиянын , Кытайдын кээ бир аймактарын мекендешет.

Түрлөргө бөлүнүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Төөлөр айры өркөчтүү жана жалгыз өркөчтүү деп экиге бөлүнөт. Ал эми бул экөөнүн аргындашуусунан келип чыккан төөнү нар деп коёт. Көчмөн кыргыздардын жүк ташуучу «поезди» болгон төөнү элибиз жашына жараша атаган. Алсак, төөнүн жаңы туулган баласын бото десе, бир жаштан беш жашка чейинкисин – сүт тайлак, тай тайлак, кунан тайлак, бышты тайлак, асый тайлак деп атаган. Андан кийинки чоңдорун ургаачысын инген, эркегин буура, ал эми бычылганын атан, төө күлүгүн желмаян дешет.

Көбөйүүсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Төөлөр 40 жылга чейин өмүр сүрүшөт. Ургаачылары 2-3 жашында жетилсе, эркектери 5-6 жашка келгенде гана «аталык» милдетти аткарууга жарашат. Айры өркөчтүү төөлөр күзгө маал күүгө келет да, бууралардын үндөрү катуу чыгып, ары-бери чуркап, агрессивдүүлүгү күчөйт. Бууралар ургаачы төөнү талашышат жана алардын кармашы кээде өлүм менен аяктайт. Мындай учурда жакын жологон жаныбарга же адамга сес көрсөтүп, тиштеп, тээп же тебелеп да салышат. Кууттан чыккан соң ургаачы төө ботосун 13-14 ай көтөрөт. Төө кээде гана эгиз тууганы болбосо, негизинен, эки жылда бир жолу жалкы тууйт.

Суусуз 2 апта жашайт[оңдоо | булагын оңдоо]

Төө тоютсуз 1 ай, ал эми суусуз 2 апта жашай алат. Алардын негизги аш тизмегин эрмен, шыбак, шыраалжын, төө тикен, сөксөөл өңдүү өсүмдүктөр түзөт. Бирок ачка калганда башка жандыктардын сөөгүн, терисин, алардан жасалган буюмдарды да жеп коёт. Төө «орозо кармаган» учурда өркөчүндөгү майын аюу сыяктуу азык катары пайдаланса, сууну карынындагы майда уячаларында сактап, үнөмдөп колдонот. Ошондой эле заарасы менен заңы сыртка чыгар алдында алардагы суу бөлүнүп, кайрадан организминин керектөөсүнө жумшалып турат. Мындан сырткары төө дене табы 41 градус ысыктыктан жогору болмоюнча тердебейт. Күн ысыкта денесиндеги суунун 40 пайызын жоготсо да жандуу болушат. Ал эми башка жылуу кандуу жандыктар денесиндеги 20 пайыз суусу кемип калса өлүп калышат. Көпкө чейин суусуз калган төө 100 литр сууну 10 мүнөттө жутуп коёт.

Жүк ташууда...[оңдоо | булагын оңдоо]

Төө узак жолго чыкканда жүк ташуучу мыкты унаа болуп саналат. Ал жакын аралыкка өз салмагынан 3-4 эсе оор жүктү ташый алса, артылган 300 килограммга чейинки жүктү 1 күндө 30-40 чакырым аралыкка чейин ташып жеткирет. Ал эми адам өзү гана минсе 1 күндө желдирип 100 чакырым аралыкты басып өтөт.

Эти, сүтү, жүнү...[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Эти – күчтүүлүгү боюнча кой менен жылкыдан кийинки орунда туруп, уйдуку сыяктуу сиңимдүү болот. Майы кадимки койдун майына окшош. Аны элдик медицинада дары катары суук тийгенде колдонуп келишет.
  • Сүтү – уйдукуна салыштырмалуу 5-6 пайызга коюу жана таттуу болот. Төөнүн сүтүнүн курамында белок, май, фосфордун тузу, кальций жана С витамини көп болгондуктан дарылык пайдасы чоң. Сүтүнөн кымыз да жасалат. Аны казактар шубат деп аташат.
  • Жүнү – жылуулугу боюнча бир дагы жаныбардын жүнү төөнүкүнө жетпейт. Андан космонавттарга, суучулдарга жана Түндүк уюлда иштеген адамдарга кийимдерди даярдашат. Ошондой эле ревматизм менен ооругандарга пайдалуу деп эсептелет.

Терисинен кур, камчы, бут кийим, көөкөр жана башка буюмдар жасалат. Тезеги – отун катары пайдаланылат.

Кош өркөч төө[оңдоо | булагын оңдоо]

Төө сымалдуулардын (лат. Camelus) эң чоң түрү. (Camelus bactrianus) — кош өркөч төө, айры өркөч тоо, мунун төмөнкү түрчөлөрү бар: казактын айры өркөч төөсү, калмактын айры өркөч төөсү, монголдун айры өркөч төөсү.

(Camelus dromedarius) — нар (бир өркөчтүү төө), өзүнчө түргө кирет.

Айры өркөчтүү төө нардан салмагы, бою жана кою жүндүүлүгү менен айырмаланат.

Азыркы мезгилде жапайы түрүндө негизинен Борбордук Азиянын Гоби жана Такла-Макан чөлдөрүн жердешет. Аз санда Казакстандын Маңгышлак аймагында жана Индиянын Нубра ойдуңунда кезигет. Бакма айры өркөч төөлөрдүн саны 2 млн. жакын. Бирок, жапайы кош өркөч төөлөрдүн саны 2002 ж. октябрь айында 800 чамалуу болуп Кытай жана Монголиянын түндүк-батыш аймактарында сакталып калган. Жаратылышты коргоонун эл аралык уюмунун (IUCN) жоголуп кетүү коркунучу астында турган айбанаттардын кызыл тизмесине киргизилген.

Бактриан төөсү б.з.ч. 2500 жыл мурун Иран, түндүк-чыгыш Ооганстан же түштүк-чыгыш аймактарынын биринде колго үйрөтүлгөндүгү болжонулат.

Жапайы айры өркөч төөнүн сүрөттөлүшүн биринчи болуп Н.М. Пржевалский түзгөн.

Кызыктар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Илгери кыргыздарда төө тууганда кадимкидей сүйүнчүлөө, ботонун кулагына сөйкө салуу салты болгон.
  • Төө ботосун 13-14 ай көтөргөндүктөн, эл ичинде кош бойлуу аял анын этин жесе ал дагы ошончо убакыт боюна көтөрүп калат деген кеп бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Алдашев А. А. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Б.: «Кыргызстан - Сорос» фонду, 1998, ISBN 9967 - 11 - 027 - 9