Угги

Википедия дан

Угги (ugg boots - uggs, англис тилинде [ʌgz], «агз» болуп окулат) — Угги койдун терисинен тигилген өтүк, бул бут кийим мырзалар жана айымдар үчүн. Мекени Австралия жана Жаңы Зеландия деп айтылат. Бирок анын келип чыгышы тууралуу так маалымат жок.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башында уггини фермерлер кийишчү. Америкага 1980-жылдардын башында келген. Массага 2000-жылы «Чоӊ шаардагы секс» сериалында башкы ролду жараткан актриса Сара Жессика Паркер аркылуу тараган. Ошол кезде аталган сериалдын аябай популярдуу болуп турган кези эле. Андагы актёр жана актрисалар эмне кылбасын заматта эл арасында модага айланчу. Атактуу болуп турганда Сара уггини кие баштайт. Жыйынтыгында аталган өтүк дүйнөнүн бардык бурчунда жашаган айымдардын гардеробунда алмаштыргыс орунду ээледи.

Угги жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул бут кийимдин багалеги жоон болгондуктан көпчүлүк толук кыздар аны кийүүдөн коркушат. Стилисттердин айтымында, эгерде өтүктүн туура түрүн тандаса, ал бардык айымдарга жарашат. Толук кыздар кончу кыска угги кийгени туура. Узуну бутка ого бетер көлөм кошуп көрсөтөт. Уггини жигиттер да кийсе болот. Кыз-келиндерге айтылган кеӊештерди мырзалар да кулагына куюп алганы оӊ. Жашы өтүп калган айымдар үчүн аталган өтүк ыӊгайсыз. Стилисттер муну «улуу курактагы аялдар элеганттуу болушу керек, угги стилдүү болгону менен, элеганттуулук тартуулай албайт» деп түшүндүрүшөт.

Кеңештер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Өтүктүн көркүн ача турган кийим – бул лосина. Алар кандай түстө болбосун, кандай кездемеден тигилбесин угги менен эӊ мыкты айкалышып турат. Ошондой эле багалеги тар жынсы шымдар да анын достору.
  • Уггини трикотаж юбкалар менен мыкты айкалыштырууга болот. Юбка тизеден ылдый болбошу керек.
  • Буту ичке жана узун болсо, угги тандоо алар үчүн кыйын эмес.Себеби буттарына уггинин бардык түрү жарашат.
  • Эгерде сырткы кийим узун болсо, анда сөзсүз багалеги кыска угги кийүү сунушталат. Өтүк узун куртка же пальтонун астынан толук көрүнүп турганы оӊ. Стилисттердин кеӊеши боюнча, уггини кыска жана кэжуал стилиндеги сырт кийимдер менен кийген оӊ.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]