Угуз кан

Википедия дан

Угуз канМанастын түпкү бабаларынын бири. У. к-дын ысымы түрк элдеринде кеңири тараган. Санжыра боюнча, түштүгү Мисирге (Египет), батышы Бараңга чейинки аймакта жашаган элдерди баш ийдирип, зор империяны түзгөн улуу каган болгон. Кыргыздар "Ууз кан" деп айтышкан. Энесинин боюна нурдан бүтүп, төрөлгөндө эле анын баатырдык белгилери билинет. Энесинин эмчегин бир жолу оозуна алган боюнча эмбей коёт. Төрөлгөндөн кырк күндөн кийин басып, сүйлөп, өзүнөн улуу балдар менен ойноп кетет. Санжырадагы маалыматтарга караганда, Угуз кагандан сырткы турпатынан байыркы түрк элдеринин тотемдик белгилери көрүнөт: "анын буттары буканын буттары сыяктуу, бели карышкырдыкындай ничке, ийиндери кундуздукундай көркөм, көкүрөгү аюунукундай бийик". Жортуулга чыкканда жол көрсөтүп, согушка киргенде жеңишке ээ кылып, адамча сүйлөгөн көк бөрү аны дайым колдоп жүрөт. Угуз кагандын биринчи аялы — асман кызынан Күн, Ай, Жылдыз деген үч бала төрөлөт. Экинчи аялы Жер, сулуусунан: Көк, Таг, Тенгиз деген үч уул көрөт. Байыркы огуздардын эки канат эли ушул эки аялдан төрөлгөн балдардан тарайт. Санжыраларда огуз элинин жыйырма төрт уруусу уугуз кагандын жыйырма төрт небересинин урпактары делет. Абулгазинин айтканы боюнча Кыргыз У. к-дын бир небереси. "Манас" эпосунда Угуз каган (У. к.) Манастын түпкү бабаларынан болору айтылат: "Мурункулардан калган сөз: Каракан, Угуз кандан кийин Аланча кан уругунан Байгур, Уйгур дегендер (болгон) экен" (Сагымбай Орозбаков, 1. 15).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4