Узакбаев Эргешбай

Википедия дан

Акын Эргешбай Узакбаев Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылында 1926-жылы 15-январда туулган. Калтыруу эмес мектебин бүтүрүп, өзү бүтүргөн мектепте мугалим болуп иштеген. 1946–1948-жж. Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтунун тил жана адабият факультетинде окуп, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1951–1959-жж. облустук «Ысык-Көл правдасы» гезитинде өз кабарчы, адабий кызматкер болуп иштеп, ошол эле учурда коомдук башталышта редакциянын алдындагы жаш авторлордун адабий бирикмесине жетекчи-лик кылган. 1959–1963-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий консултанты, 1964–1971-жж. Түп райондук жана Пржевальск шаардык райондор аралык «Коммунисттик эмгек» гезитинде ар түрдүү кызматтарды аткарган. 1972–1986-жж. облустук «Ысык-Көл правдасы», 1991–1993-жж. шаардык «Каракол» гезиттеринде редактордун орунбасары болуп иштеген.
Э.Узакбаевдин чыгармачылык иши Улуу Ата Мекендик согуш жылда-рында башталган. Анын Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигине арналган «Өлбөс атак» деген поэмасы «Советтик Кыргызстан» (кийинки «Ала-Тоо») журналынын 1943-жылы август айын-дагы 8-санына басылган. 1949-жылы акындын биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Мындан тышкары очерк, сүрөттөмөлөрү, публицистикалык макалала-ры, рецензиялары, эскерүүлөр менен мезгилдүү басма сөз беттерине дайы-ма чыгып келген. Акындын айрым ырлары орус, казак, тажик, якут тилде-рине которулган.
1944-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1950–1960-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын мүчөлүгүнө шайланган.
1994-жылы 28-мартта «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» ардак наамы берилген. Эргешбай Узакбаев «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгек ветераны», «1941–1945-жж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 50 жылдыгы» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы менен үч жолу, Ысык-Көл обкомунун жана облустук Советтин Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 53 б.

Таң: Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 104 б.

Бир кишидей: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 88 б.

Мезгил саптары: Ырлар жыйнагы.–Ф.: Кыргызстан, 1965.- 127 б.

Дабан: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 124 б.

Өмүр күүсү: Ырлар жана поэма. – Ф.: Бийиктик, 2002. – 216 б.

Адабий сереп: Макалалар, эсселер. – Б.: Бийиктик, 2007. – 376 б.