Узюков Николай Анисимович

Википедия дан

Узюков Николай Анисимович (23. 12. 1896 (4. 1. 1897), Россия империясы, Симбирск губерниясы, Опалиха кыш. - 19. 3. 1937, Свердловск (азыркы Екатеринбург)) - мамлекеттик жана советтик партиялык ишмер.

Симбирск шаардык окуу жайын (1911- 14), Социалисттик (1924-36-ж. коммунисттик) академияны (1923-24) бүтүргөн. Симбирск шаарындагы «Жаштар союзунда» уюштуруучу, агитатор (1917-18), Симбирск губерниялык партиялык к-тинин агитация-пропаганда бөлүм башчысынын жардамчысы (1918-19), РКП(б)нын Симбирск шааркомунун (1919), Симбирск губерниялык к-тинин секретары (1919-20).

РКП(б)нын Витебск губерниялык к-тинин төрагасы (1920), жооптуу секретары (1920-21), Царицын губерниялык аткомунун төрагасынын орун басары (1921-22), РКП(б) БКнын жооптуу инструкторунун жардамчысы (1922), Кострома губерниялык жумушчу-дыйкандар инспекциясынын төрагасы (1922-23), Түркстан КЩб) БКнын жооптуу инструктору (1924), Самарканд обкомунда уюштуруу бөлүмүнүн башчысы (1924-25), РКП(б) - ВКП(б) Kapa Кыргыз (14. 10. 1924-25. 5. 1925), Кыргыз автономиялуу облустарынын (25. 5.1925-1. 2. 1926) 1-секретары (17. 8. 1925-1. 2.1926), ВКП(б) Кыргыз обкомунун 1-секретары (1. 2. 1926-27. 6. 1927). ВКП(б) БКнын бөлүмүндө сектор башчы (1927-жылдан), ВКП(б)нын Свердловек обкомунун пропаганда бөлүмүнүн башчысы. РКП(б)нын 9(март, 1920), ВКП(б)нын 14(декабрь, 1925), 17(январь-февраль, 1934) съезддеринин делегаты. Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган (1921). Кронштадт козголоңун басууга катышкан (1921).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4