Узөн гүкууш суусу

Википедия дан
Узөн гүкууш суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 23 км
бассейндин аянты 334 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Узөңгү кууш - Чоң Үзөңгүкууш суусунун негизги курамы. Узундугу 23 км, алабынын аянты 334 км2. Суу куралуу обулусуна кирет. Алабынын деңиз деңгээлинин орточо бийиктиги 3900 м, эң бийик жери 5407 м, эң жапыз жери(чатында) 3220 м. Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталындагы мөңгүдөн башталып, аскалуу кууш өрөөн аркылуу агат. Алабында жалпы аянты 137,1 км2 келген 35 мөңгү бар, ири куймалары: Котур, Айталаа, Сарычат. Жылдык орточо чыгымы 3–4 м3/сек, эң көбү июнь-июлда,эң азы февраль–мартта байкалат. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Өрөөнү Атбашы районунун жайлоосу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2