Улисс

Википедия дан
Улисс.

"Улисс" (англ. Ulysses) - ирландиялык жазуучу Жеймс Жойстун модернисттик романы. Роман 1918-жылдын март айынан 1920-жылдын декабрына чейин америкалык The Little Review журналында серияларга бөлүнүп чыккан, андан соң 1922-жылдын 2-февралында, Парижде, Ж. Жойстун 40 жылдыгына карата Сильвия Бич тарабынан толугу менен басылып чыгарылган. Модернисттик адабияттын эң маанилүү чыгармаларынын бири болуп саналып, "бүткүл кыймылдын демонстрация менен жыйынтыгы" (англ. "a demonstration and summation of the entire movement") деп аталган. Деклан Киберддин айтканы боюнча, - "Жойско чейинки эч бир жазуучу ой жүгүртүү процессине ушунчалык көңүл бурган эмес".

Роман Леопольд Блумдун Дублиндеги бир күнүмдүк сейилдеп жүрүүсүн жана жолугууларын сүрөттөйт. Улисс - Гомердин "Одиссея" (англ. Odyssey) эпикалык поэмасынын Одиссей каарманынын латын тилиндеги ысмы. Роман менен поэманын бир канча окшоштуктары бар. 20-кылымдын алгачкы жылдарынын модернизм контекстиндеги окуялар жана тематикалары, ошондой эле Ирландиянын Улуу Британияга болгон мамилесинден тышкары, романда Леопольд Блум менен Одиссей, Молли Блум менен Пенелопа, Стивен Дедалус менен Телемахос каармандардын мүнөздөмөлөрүнүн жана тагдырларынын шайкештиги байкалат. Роман англис адабиятынын кылымдарынын ырааттуулугун ээрчип, өтө тез өзгөрмө мүнөзүнө ээ.

Романдын узундугу божомол менен 265 000 сөздөн туруп, 18 эпизоддорго бөлүнөт. Адепсиздикти жана узарып кеткен "Жойстун согуштары" (англ. "Joyce Wars") китептин басылып чыкканынан тартып тартыштарга жана ыкыластуу текшерүүлөргө кабылды. Чыгарманын аң-сезим агымы ыкмасы, каламбур уйкаш, пародия, аллюзия, ошондой эле бай мүнөздөмөсү, мыскыл кылдат түзүлүшү жана эксперименталдык проза эң зор адабий чыгарма болуп саналат. Ж. Жойстун ышкыбоздору үчүн, 16-июнь Bloomsday күнү катары белгилүү.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]