Улукман

Википедия дан

Улукман, Лукман — мусулман жана байыркы араб мифологиясында орун алган адилет, акылман киши. Арабдарга ислам дини киргенге чейин өтө узак жашаган даанышман кары, акылман жана баатыр катары белгилүү болгон. "Манас" эпосунда негизинен ушул мааниде учурайт:

Балтачаны, балбаны,

Улукманы, карысы

Жоо кайдалап токтобой,

Келип турду ал жерге

Улуу-кичүү баарысы (Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 225).

"Кыйла улукман карыңар, Кытайга элди бергенче Кырылгыла баарыңар!" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 245). Орто Азия элдеринде У. белгилүү дарыгер, табыпчылыктын пири катары да саналат. Кыргыздар У. деп Абу али Ибн Синаны аташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4