Улуттук аң-сезим
Улуттук аң-сезим - адамдардын өздөрүн белгилүү бир улутка, этностук топко тиешелүүлүгүн түшүнүүсү.
Өзүн көптөгөн этностордун биринин өкүлү, бир маданияттын алып жүрүүчүсү деп сезбесе, анда адам өзүнүн маданиятын салт-санаа, үрп-адаттарын жалгыз акылга сыя турган деп санайт да, өзгөчөлөнгөндөр - ага бейтааныш жана кастык сыяктуу сезет. Улуттук аң-сезимдин өнүгүүсү - дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн кабыл алууга, башка маданияттардын алып жүрүүчүлөрү менен диалогго барууга жасалган кадам. Кээ бир шарттарда Улуттук аң-сезим инсанды саясий социалдаштыруунун башкы фактору, баалуулук жана идеал системасынын негизи катары чыгат. Ал же өздүк мамлекетүүлүгүнө ээ эмес элдин көз карандысыздык үчүн, улуттун өзүн-өзү аныктоо үчүн күрөшүү процессинде, же улуттук сыймыкты кемсинтүү шарттарында. же элдин мамлекетүүлүгүнө коркунуч түзгөн тышкы душмандарга каршы күрөшүү шарттарында өнүгөт.
Европада XIX к. Улуттук аң-сезимдин жогорулашы Италия, Германия сыяктуу мамлекеттердин келип чыгуусуна өбөлгө түзгөн. Бул өлкөлөрдүн элдери аларды италиялык же немец катары эмес, тиги же бул монархтын бийлиги астындагы эл деп караганы макул болуп жүргөндө алардын биригүүсү ишке ашпайт болчу. Көрсөтүлгөн окуялардын бардыгында Улуттук аң-сезимдин пассионардуулугу (Л. Н. Гумилевдун термини) ойгоно элек же начарлаган улутту жок кыла алган кыйынчылыктар менен сыноолорду жеңип чыгууну оңойлоткон, алдында пайда болгон милдеттерди чечүүгө коомдун күчтөрүнүн бардыгын жумшоого жардам берген патриоттуулук менен тыгыз байланышкан. Бүгүнкү күндө Улуттук аң-сезимдин чыныгы «жарылуусу» байкалууда. Азия менен Африканын, Жакынкы жана ортоңку Чыгышта бул кылымдан колониялык жана жарым колониялык абалдан кийин улуттардын жана улуттук кыймылдардын ойгонуусу менен байланышкан. Батыш Европада кеңири массалардын Улуттук аң-сезимнин жогорулашы региондун элдеринин салт-санаасынын, маданиятынын өзгөчөлүктөрү сакталып калабы деген коркунучту туудурган мамлекеттердин ортосундагы чек араларды жоюу, интеграциялык процесстерге жооп катары чыккан. СССРдин жана Варшава келишиминин Уюмунун жоюлушу менен Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн социалдык багыттан, «чыныгы социализмден» баш тартуусу менен шартталган ири социалдык-саясий өзгөрүүлөргө жооп катары Россияда, КМШ өлкөлөрүндө, Чыгыш жана Борбордук Европада Улуттук аң-сезимдин жаңы өсүшү байкалган. Миллиондогон элдердин өзүн-өзү социалдык жана саясий аныктоонун жаңы формасын издөөнүн, мурда көп улуттуу мамлекеттердин курамындагы элдердин өз мамлекетүүлүгүнө жетишүү мүмкүнчүлүгүнүн пайда болушу Улуттук аң-сезимди чечкиндүү түрдө жаңыртууга шарт түздү.
Бирок жаңы мамлекеттердин өзүн-өзү ырастоосу азчылыкка калган этностук топторду (Балтика өлкөлөрүндөгү орус тилиндеги калкты) дискриминациялоо тенденциясын пайда кылган. Югославияда дискриминацияланган азчылык абалында калуу коркунучу аскердик улутчулдуктун өсүшүнө, улуттар аралык согушка, калктын массалык көчмөндүүлүгүнө алып келди. Ошентип, Улуттук аң-сезим феномени позитивдик сыяктуу; улутчулдукка, шовинисттик саясатка алып баруучу негативдүү натыйжалар менен да коштолот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6