Улуттук (мамлекеттик) инновациялык саясаттын максаты жана милдеттери

Википедия дан

Улуттук (мамлекеттик) инновациялык саясаттын максаты жана милдеттери. Мамлекеттик инновациялык саясаттын максаты омоктуу экономикалык өсүү үчүн, инновациялык продукцияны өндүрүштүн технологиялык деңгээли менен атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуунун эсебинен ички жана тышкы рынокко чыгаруу үчүн шарт түзүү болуп саналат.

Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн улуттук инновациялык саясатты жүзөгө ашырууда төмөндөгү милдеттер чечилиши зарыл, алар:

  • илим менен технологиялардын жетишкендиктерин натыйжалуу пайдалануу кызыкчылыгында бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарынын, ишкерлер секторунун, илимий-техникалык чөйрөдөгү уюмдардын биргелешип натыйжалуу аракеттенүүсүн камсыз кылуучу бирдиктүү улуттук инновациялык системаны түзүү;
  • өндүрүштүн натыйжалуулугун жана продукциянын атаандаштыкка жарамдуулугуи жогорулатууга чечүүчү таасир этүүчү инновациялык долбоорлорду экономиканын тармактарында жүзөгө ашырууда инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн туура стратегиясын жана приоритеттерин тандоо;
  • өнөр жай өндүрүшүнүн илимий-техникалык жетишкендиктерине карата суроо-талабын жогорулатуу, өнөр жайын технологиялык жактан кайрадан жабдуу боюнча долбоорлорду каржылоого каражат тартуу максатында инновациялык саясаттын артыкчылыктуу багыттарында уюштуруу чаралары менен ресурстарды топтоштуруу;
  • инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүү, илимий изилдөөлөр менен иштеп чыгуулардын жыйынтыктарын коммерциялаштыруу, инновациялык инфраструктураны өнүктүрүү, инновациялардын рыногунун жана инновациялык ишканалардын фондуларынын рыногунун пайда болушу, мамлекеттик эмес инвестицияларды тартуу жана жогорку технологиялуу өндүрүштү озуп өнүктүрүү үчүн жагымдуу мыйзамдык, ченемдик жана экономикалык шарттарды түзүү;
  • экономиканын инновациялык өнүгүүсүнүн, инновациялык системанын натыйжалуу иштешин, мамлекеттик инновациялык саясатты аткаруу бийлигинин мамлекеттик жана региондук органдарынын биргелешкен иш-аракеттеринин негизинде жүзөгө ашыруу милдеттерин чечүүгө комплекстүү мамилени иштеп чыгуу;
  • инновациялык ишкердик тармагындагы кадрларды даярдоо жана кайрадан даярдоо системасын түзүү;
  • продукциянын сапатынын, сертификациясынын, курчап турган чөйрөнү коргоонун эл аралык стандарттарын өздөштүрүү болуп саналат.

Интеллектуалдык менчикти материалдык эмес товардын өзгөчө түрү катары коргоо жана пайдалануу маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда. Интеллектуалдык менчикти жүзөгө ашырууда мамлекеттин кызыкчылыктары, негизинен, аны сатуунун эсебинен эмес экономиканын атаандаштыкка жарамдуу секторлорун кеңейтүү, салык салынуучу базаны көбөйтүү жана калктын жумуш менен камсыз болушун жогорулатуу жолу менен камсыз болушу керек. Өлкөдө ушул тармактагы ченемдик-укуктук базаны калыптандыруу аякташы, мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен түзүлгөн интеллектуалдык менчиктин жыйынтыктарына укуктарды бекемдөө боюнча иш-чараларды өткөрүү камсыз болушу, илимий-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык жумуштардын мамлекеттик заказ берүүчүлөрү болуп саналган мамлекеттик органдардын жоопкерчилик-тери менен укуктары аныкталышы керек.

Улуттук инновациялык саясаттын милдеттерин чечүү:

  • өнөр жайында чийки зат секторун артыкчылыктуу өнүктүрүүдөн кайра иштетүүчү тармактарда инновациялык ишмердүүлүктү артыкчылыктуу өнүгүүгө карай структуралык маневр жасоо менен;
  • өндүрүштүк-техникалык арналыштагы жогорку технологиялык продукцияга, о. э. керектөөчүлөрдүн рыногунда ата мекендик өндүрүүчүлөрдү сырттан ташып келинүүчү товарлар менен технологиялардан протекциялык коргоонун эсебинен ички муктаждыктар менен суроо-талаптарды калыптандыруу үчүн шартты жакшыртуу аркылуу камсыз болот.

Инновациялык өнүгүүнүн негизги милдеттерин чечүү үчүн Кыргызстандын экономикасынын төмөнкү артыкча жактары:

  • жаратылыш ресурстары, өнүккөн минерал-чийки зат базасы жана транспорт инфраструктурасы;
  • илимий потенциалы, интеллектуалдык ресурсу, жогорку квалификациялуу илимий кадрлары;
  • ички рынокто, о. э. өнүгүп келе жаткан бир катар өлкөлөрдүн рынокторунда сатууга жарактуу массалык, салыштырмалуу арзан продукцияны чыгаруу боюнча өндүрүштүк кубаттуулуктун резерви пайдаланылышы зарыл. Алдыга коюлган милдеттерди чечүү:
  • илим жана өнөр жай чөйрөлөрүнүн уюштуруу-эхоиомнкальж жактан ар башкалыгын;
  • өнөр жайынын айрым тармактарынын продукциясынын атаандаштыкка жарамдуулугунун төмөндүкүнө себеп болгон технологиялык артта калуучулукту;
  • рыноктун ылдам өзгөрүп туруучу шартында керектүү ийкемдүүлүккө ээ болушу керек болгон инновациялык ишкерликтин өнүкпөгөндүгүн (жоктугун);
  • товар өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык күрөштүн жолу катары инновацияларды жүзөгө ашырууга умтулуусунун жоктугун;
  • илимий кадрлардын потенциалынын картаюусун, илимий-техникалык жана өндүрүштүк-технологиялык чөйрөгө инновациялык ишмердик боюнча менеджерлердин келбей жатышын жеңип чыгууга мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9