Улуу манасчы (даректүү тасма)

Википедия дан
Улуу манасчы (даректүү тасма)

Саякбай Каралаевдин портрети
Режиссеру Убукеев, Мелис, С. Токтоналиев (кенже режиссер)
Сценарийи Убукеев, Мелис
Оператору М. Туратбеков, Б. Алымбаев
Тартылгандар Саякбай Каралаев,Ч. Айтматов
Музыкасы Б. Макеев
Директору Ш. Бекеев, Б. Алжамбаев
Редактору К. Сактанов
Студия Кыргызфильм
Узактыгы 64 мүнөт
Өлкөсү Кыргыз ССР
Тили кыргыз
Бюджети белгисиз
Киреше белгисиз

Тасманын баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Залкар режиссер М. Убукеевдин чоң манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгына кайрылып "Манас" эпосун изилдөөгө киришүү иретинде тарткан тасмасы. Толук метраждуу даректүү фильм. 1988-ж. "Кыргызфильм" киностудиясында тартылган. Фильмдин сценарийин жазган жана койгон режиссёр М. Убукеев. Илимий кеңешчилери: Ч. Айтматов, Р. 3. Кыдырбаева. Фильмде "Манас" эпосунун Сагымбай Орозбак уулунун айтуусу боюнча чыккан китептерин Т. Герцен көркөмдөгөн сүрөттөр пайдаланылган. Фильмге М. Убукеев 1966-ж. тартып алган беш сааттык материал негиз болгон. Саякбайдын образын жаратууда режиссёр ал материалдар менен бирге, кино, фото, фоно даректер архивинен табылган тиешелүү материалдарды да кеңири пайдаланган. Кошумча тартылган жана даректүү материалдар чыгармачылык менен максатка ылайык монтаждалган. Тасманын башталышында Ч. Айтматов "Манас" жана манасчылар тууралуу философиялык ой жүгүртүүлөрүн, өзгөчө Саякбайдын манасчылык өнөрү жөнүндөгү пикирлерин айтат. Ошондон улам Ч. Айтматов менен байланышкан пландар фильмдин бет ачарлык кызматын аткарат. Режиссёр коюучу өзүнүн чыгармачылык максатын ишке ашырууда кино өнөрүнүн ар кыл ыкмаларын билгичтик менен туура пайдаланат. Тасманын тулкусундагы акырындатылган жана тык токтотулган кадрларды монтаждоо менен манасчынын образын, чыгармачылык турпатын көрсөтүүдө "Семетейден" үзүндү айтып жаткан Саякбайды кунт коюп, зор ынтаа менен угуп жаткан угуучулардын жалпы, орто, айрымдардын өзгөчө жакындаштырылып чоңойтулган көрүнүштөрү, айрым кошумча тартылган эпизоддор, бийик аскалуу тоолордун, Ысык-Көлдүн шарпылдаган толкундары, жана башкалар пейзаждык көрүнүштөр менен айкалыштыра берилген. Т. Герцендин динамикалуу сүрөттөрүнүн фильмде пайдаланылышы анын поэтикалык көркөмдүк маанайын көтөрөт жана кинематографиялык палитрасын байытып турат. Режиссёр М. Убукеев бул фильмде алп манасчынын ажайып образын жарата алган.


М. Убукеевдин чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1964 ж. "Тайгак кечүү" Кыргызфильм.("Белые горы" башкача аты "Трудная переправа") - 1964 ж. М. Убукеевдин дипломдук иши. Аталган тасма М. Элебаевдин "Узак жол" чыгармасынын негизинде тартылган, кыргыздардын 1916 жылкы кайгылуу тагдырын чагылдырган. Тасма 1965 ж. Алматыда өткөн бүткүл союздук Орто Азия жана Казакстан өлкөлөрүнүн кинофестивалында 1 даражадагы Диплом менен сыйланган. Бул тасмада аялдын оюнун жараткан Бакен Кыдыкеева, эң мыкты аялдын оюну үчүн баш байгесин утуп алган.
  • 1969 ж. "Ак-Мөөр". Кыргызтелефильм. 1970 ж. Ленинградда өткөн бүткүл союздук кинофестивалдын Байгеси менен сыйланган.
  • 1977-1978 жж. "Көрөгөч" сатирикалык тележурналынын 7 сериясын чыгарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

"Улуу манасчы" интернетте[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011 ж. тасма Кыргызфильм тарабынан санарипке салынып, DVD диск түрүндө чыгарылган.

Дискти бул жерде Archived 2016-09-21 at the Wayback Machine онлайн көрсө болот.