Улуу чеп (тасма)
Улуу чеп
| |
англ. The Great Wall / кыт. улут. 长城 | |
Жанры |
Уруш-согуш, Укмуштуу окуялуу фильм, Илимий фантастикалык тасма, drama film и фэнтези тасма |
---|---|
Режиссёру |
Чжан Имоу |
Продюсери |
Жон Жашни, |
Сценарийдин автору |
Тони Гилрой, |
Башкы ролдордо |
Мэтт Дэймон, |
Оператору |
Стюарт Драйбёрг |
Композитору |
Рамин Жавади |
Кинокомпания |
Universal Pictures |
Узактыгы |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
Бюджети |
135 млн $[1] |
Кирешеси |
Маалыматтардын маңызы белгисиз. |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
Улуу чеп (англ. The Great Wall) — АКШ жана Кытай өлкөлөрү биргелешип, 2016 жылы тартылган көркөм тасма, режиссёру Чжан Имоу.Тасманын бет ачаары Кытайда 2016 жылдын 16 декабрына белгиленген, Орусияда — 2017 жылы 2 фералда, Кыргызстанда — 2017 жылы 10 февралда, АКШда — 17 февралда.
Соң династиясы учурунда Кытайга келген европалык жалданма жумушчунун ролун Мэтт Дэймон аткарган. Ал Кытайдын Улуу чебине туш болуп, макулуктарга каршы турган кытай аскерлерине жолугуп калат. Кытай-АКШ биргелешип тарткан тасмада Жиң Тиан, Педро Паскал, Уиллем Дафо жана Энди Ло ролдорду аткарышкан.
Негизги тасма тартуу иштери Кытайдын Шиңдао жергесинде 2015-жылдын 30-мартында башталган. Бет ачары Бээжинде 2016-жылдын 6-декабрында, ал эми АКШда Universal компаниясы тарабынан 2017-жылдын 17-февралында болгон. Тасма бир беткей ой-пикирлерге ээ боло алган эмес. 150 млн доллар бюджетке тартылган кинофильм дүйнө жүзү боюнча 332 млн доллар киреше алып келе алган. Бирок студия 75 млн доллар жоготуп кассалык жыйымдар боюнча көңүл калтырган.
Мазмуну
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Каармандарда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Актёр | Роль |
---|---|
Мэтт Дэймон | Уиллем Гэрин, Жалданма европа аскеринин генералы |
Энди Лау (Лю Дэхуа) | Кытай аскеринин кеңешчиси (Сун империясы) |
Педро Паскал | Перо Товэр, Европалык жалданма |
Уиллем Дефо | Жалданма европа аскринин кол-башчысы |
Цзин Тянь | Линь Мэй, Кытай аскеринин кол-башчысы (Сун империясы) |
Чжан Ханьюй | Генерал Шао, Кытай империялык гвардиясынын кол-башчысы (Сун империясы) |
Эдди Пэн (Пэн Юйянь) | Кытай империясынын кол-башчысы (Суни империясы) |
Лу Хан | Пэн Юн, Кытай аскеринин жоокери (Сун империясы) |
Ван Цзюнькай (Кэрри Ван) | Жэнь-цзун (Чжао Чжэнь),Сун империясынын жаш императору |
Линь Гэнсинь (Кэнни Линь) | Кытайдын бүркүт аскеринин кол-башчысы (Сун империясы) |
Чжэн Кай (Райан Чжэн) | Министр Шэнь, Кытай императорунун аскердик кеңешчиси, ревизор (Сун империясы) |
Чэнь Сюэдун (Чени Чэнь) | Кытайдын империя гвардиясынын офицери (Сун империясы) |
Хуан Сюань | Кытайдын элик аскеринин кол-башчысы (Сун империясы) |
Юй Синьтянь (Вики Юй) | Убактылуу белгисиз |
Лю Цюн | Убактылуу белгисиз |
Маккензи Фой | Убактылуу белгисиз |
Нуман Акар | Нажид |