Уметов Калымбет
Уметов Калымбет - 1907-жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.
- Жаштайынан жетим калып, Октябрь Революциясы жеңип, өлкөдө большевиктер бийликке келгенде, комсомолдун катарына өтөт.
- Ликбезден окуп, сабатын жойгондон кийин, Көк-Арт балдар үйүнө келип, андан 7-класска чейин окуйт.
- Граждандык согушта кызыл командир Эргеш Алиевдин батальонунда кызмат өтөп, Самидин, Баяс Султан, Рахман паңсат, Абдыганы Эшен, Аман палбандарга каршы согушуп, Кыргызстандын түштүк аймагын түрө кыдырып чыккан.
- Граждандык согуш аяктаганда өзүнүн айылы Көк-Артка келип, мугалим, зав. ферма сыяктуу кызматтарды аркалаган.
- Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылы кетип, Сталинград фронтунун 62-армиясына туш келип, чалгындоо ротасында кызмат өтөгөн.
- Фельдмаршал Паул К колго түшкөн, чоң согушка катышкан.
- 3 жолу жаракат алып, 1944-жылы акыркы алган жараатынан кийин айылына келген.
- «За оборону Сталинграда», «За боевые заслуги» төш белгилери жана башка көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган.
- Согуштан келгенден кийин, кампачы, жылкычы болуп иштеген.
- 1979-жылы дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3