Мазмунга өтүү

Унчукпаган козулар

Википедия — ачык энциклопедия
Унчукпаган козулар
РежиссеруЖонатан Демми
Продюсер
СценарийиТед Тэлли
ОператоруТак Фудзимото
НегизиндеУнчукпаган козулар
автору: Томас Харрис
Тартылгандар
МузыкасыГовард Шор
РедакторуКрейг Мак-Кей
СтудияStrong Heart/Demme Production
ЖайылтуучуOrion Pictures
Чыккан жылы
  • январь 30, 1991 (1991-01-30) (Нү-Йорк)
  • февраль 14, 1991 (1991-02-14) (АКШ)
Узактыгы118 мүн.[1]
Өлкөсү АКШ
ТилиАнглис
Бюджети$19 млн[2]
Киреше$272.7 млн[2]

"Унчукпаган козулар"(англ. The Silence of the Lambs, орус. Молчание ягнят) - 1991-жылы режиссёр Жонатан Демминин жетекчилигинде АКШда тартылган триллер жанрындагы тасма, башкы ролдорду Жоди Фостер, Энтони Хопкинс, жана Скотт Гленн аткарышкан. 1988-жылы Томас Харристин "Унчукпаган козулар" деп аталган романынын башкы каармандардын бири болгон мыкты психиатр жана мыкаачылык менен адамдарды өлтүргөн, киши жегич каарман Ганнибал Лектер тууралуу Тед Тэлли ылайыкташтырган сценарийин жазган. Романдын биринчи экранизациясы, режиссёр Майкл Манндын жетекчилигинде "Manhunter" деген аталыш менен 1986-жылы чыккан. Сюжет боюнча, Жаклин Старлиң, АКШ Федералдык Чалгындоо Кызматынын (англ. FBI) стажёру, "Буффало Билл" деген каймана ат менен белгилүү дагы бир сериялык киши өлтүргүчтү кармоо максатында, абакта жаткан доктор Лектерден кеңеш алуу үчун аны менен жолугууга мажбур болот.

"Унчукпаган козулар" 1991-жылы 14-февралда жарыкка чыккан. Бюджети 19 млн АКШ доллары гана болгону менен, дүйнө жүзү боюнча 272,7 млн АКШ долларын чогулткан. . "Оскар" сыйлыгынын башкы беш номинациясы боюнча бардык байгелерди жеңген үчүнчү тасма болгон: "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты актёр", "Эң мыкты актриса", "Эң мыкты режиссёр" жана "Эң мыкты сцераний". 2011-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы "маданий, тарыхый жана эстетикалык" баалуулугу бар үчүн Улуттук кино реестрине сактоого тандалып алынган.

Тартылгандар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. The Silence of the Lambs. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2013.
  2. 1 2 The Silence of the Lambs (1991). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 30 -ноябрь (жетинин айы) 2014.