Энтони Хопкинс

Википедия дан

Сэр Филипп Энтони Хопкинс (англ. Anthony Hopkins; 1937-жылдын 31-декабрында туулган) - уэлстик кино, театр, телеактеру. 1957-жылы Королдук Уэлс музыка жана драма коллежин аяктагандан соң, актер Лондондогу академиялык драма театрында тажрыйба топтогон, Лоуренс Оливьенин чакыруусу менен Королдук улуттук театрда иштеп калат. 1968-жылы ал "Кыштагы арстан" (англ. The Lion in Winter) тасмасында эр жүрөк Ричарддын ролун аткарган.

Кино тармагындагы тирүү актерлордун арасынан эң улуу жана залкар актер катары таанылган Э. Хопкинс "Унчукпаган козулар" (англ. The Silence of the Lambs) триллериндеги Ганнибал Лектердин ролу үчүн "Эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон. Ошондой эле ушул тасманын биринчи бөлүгү " Кызыл ажыдаар" (англ. Red Dragon) жана уландысы "Ганнибал" (англ. Hannibal) тасмаларында дагы ойногон. Актердун башка белгилүү ролдору "Зорро" (англ. The Mask of Zorro), "Баунти" (англ. The Bounty), "Жо_Блэкке_кездешүү" (англ. Meet Joe Black), "Пил адам" (англ. The Elephant Man), "Сыйкыр" (англ. Magic), "Чериң Кросс Роуд, 84" (англ. Charing Cross Road), "Брэм Стокердин дракуласы (англ. Bram Stoker's Dracula), "Күз уламыштары" (англ. Legends of the Fall), "Тор" (англ. Thor), "Күндүн калганы" (англ. The Remains of the Day),"Достук"(исп. Amistad), "Эң ылдам "Индиан" мотоцикли" (англ. The World's Fastest Indian), "Инстинкт" (англ. Instinct), "Сынык" (англ. Fracture) жана "Костюмер" (англ. The Dresser) тасмаларына таандык. 2016-жылдан баштап, ал коомчулук кызуу кабыл алган HBO каналындагы "Жапайы Батыш" (англ. Westworld) телесериалында дагы ойноп жүрөт.

"Оскар" сыйлыгы менен катар эле актер үч жолу Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгын, эки жолу "Эмми" сыйлыгын жана "Сессиль де Милль" сыйлыгын алган. 1993-жылы, ал искусство тармагына кошкон салымы үчүн Каныша Елизавета Экинчи тарабынан рыцардык титул ыйгарылган. Э. Хопкинс 2003-жылы "Голливуд аллеясынын жылдызы" болгон жана Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын атайын сыйлыгы менен "кино, телекөрсөтүү жана видеоюндар" тармагындагы эбегейсиз салымы үчүн сыйланган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]