Уругвайлар

Википедия дан

Уругвайлар - Түштүк Америкадагы эл, Уругвайдын негизги калкы.

Аргентина, Бразилия, ошондой эле АКШ, Австралия жана Испанияда да жашашат. Жалпы саны 2 млн 830 миң киши, а. и. Уругвайда 2 млн 200 миң (2010). Испан тилинде сүйлөшөт. Дини - католик, протестанттар да бар. Уругвайлардын этностук негизин испандар, италяндар, француздар түзгөн. Уругвайлар негизинен испан колониячыларынын (16-18-кылымдагы) тукуму. 19к-дын аягы - 20-кылымдын башынан массалык европалык иммиграция башталып Уругвай, Испания, Италия, Франциядан, кийинчерээк Африкадан кул-негрлер, орус сектанттары, армяндар, түрктөр, ошондой эле украиндер келген. Жергиликтүү индейлердин (чарруалар) көбү кырылган. Өлкөнүн түндүгүндө анча көп эмес метистер жана негрлер (12%) жашап, айыл чарбасында, мал чарбасында эмгектенишет. Калктын 94% и жакыр турмушта. Салттык кийимдери - жол-жолу бар пончо, жамынгыч. Шаардыктар европа үлгүсүндөгү кийимдерди кийишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4