Усули Жадид мектептери

Википедия дан

Усули Жадид мектептери жаңы усул мектептери – 19-кылымдын акыры–20-кылымдын башында Волга боюндагы, Кавказ жана Орто Азиядагы түрк элдери үчүн ачылган эл агартуу окуу жайлары. Бул мектептердин программалары 1905-1906-жылдары Төмөнкү Новгород калаасындагы мусулмандардын курултайларында иштелип чыккан. Мындай мектептерде диний сабактар гана эмес, жалпы билим берүүчү сабактар да өткөрүлгөн.

Жаңы усул мектептери Кыргызстанда 1901–1902-жылдары пайда боло баштаган. Токмокто ачылган «Ыкбал» мектебинде 1908-жылы 200 кыргыз, 36 татар, 30 өзбек, 9 дуңган, 5 уйгур бала окуган. Аны бүткөндөрдүн айрымдары Казан менен Уфадагы медреселерге жиберилип, билимин уланткан. Пишпекте кыз-келиндер үчүн ачылган ушундай мектепте 1914-жылы 70 кыз (анын 20сы кыргыз), 1917-жылы 180 кыз окуган. Чоңкеминдеги Шабдандын медресеси 1909-жылы «Жаңы Усул» мектеби катары кайра түзүлгөн. Мындай мектептер Караколдо, Акталаанын Куртка деген жеринде жана башка бир катар айылдарда ачылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]