Фантазия

Википедия дан

Фантазия (грек. phantasia – психикалык образ, элестетүүдөн жаралган кыял) – элестетүүнүн өзгөчөлүгүн, күчтүүлүгүн билдирген эс тутум, ой-жоруу, кыялдануу.
Фантазия (грекче phantasia — кыял) — чыгармачыл, кыялдануу, чындыктан четтеп кетүү, ойдон чыгаруу. Фантазия адам баласынын ой жүгүртүү өзгөчөлүгүнө таандык касиет. Адам баласы табияттын сырларынын мыйзам ченемдерин үйрөнүп, өздөштүрүүнүн бийик деңгээлине жеткен кезде дүйнөнү так таанып, даана чагылдырууга өбөлгө түзөт. В. И. Ленин «эң бир так илимде да фантазиянын ролун танууга болбойт» деген да илимий ой жүгүртүү менен фантазиянын баштапкы байланышынын ролун баса белгилеген. Ал эми адамзаттын өнүгүшүнүн эң алгачкы этабында Фантазия чындыктан алыс турат да, табияттын ар кандай кубулушун туура түшүнүүгө кедерги болот. Ошонун натыйжасында дин, мистика, идеализм сыяктуу ар түрдүү түшүнүктөр жарала берет. Алгачкы доордун адамдарынын тотемизм, анимизм, ата-баба, табият культу, магиялык көз караш (ар кандай кудайларга, ыйык күчкө ишенүү жана башкалар) сыяктуу түшүнүктөрүндө да фантазиянын ролу чоң. Элдик оозеки чыгармачылыкта фантазия сюжет куруучу элемент катары кызмат аткарат (жомоктор менен эпостордо кереметтүү, сыйкырдуу фантастикалык сюжеттер менен мотивдер), же көркөм мотив, деталь катары көрүнөт (мисалы, «Манаста» партогенез — алма жегенден кийин Чыйырдынын боюна бүтүшү; «Эр Төштүктө » баатыр жер астынан Алпкаракушка минип жер үстүнө чыгышы; Кызыр келип Манастын чекесинен сылап бата берет).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Илим (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9