Федичкин Григорий Яковлевич

Википедия дан

Федичкин Григорий Яковлевич (1917, РФ, Ростов обл., Морозов району, Покровка кыш. - 1996, Фрунзе ) - а. ч. илимдин доктору (1986), проф. (1989).

Россиядагы Ростов облусундагы Азов-Кара дениз а. ч. институтун бүтүргөн (1938), 1938-жылдан Челябинск облусундагы Звериноголовский районунун «Алабуга» кой чарба совхозунда башкы агроном. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1943-жылдан Казакстанда иштеген. 1947-51-ж. Кыргызстандагы Ысык-Көл а. ч. техникумунда, 1952-жылдан Кыргыз ССР ИАнын Жер кыртышы бөлүмүндө, 1956-жылдан Кыргызстан дыйканчылык ИИИде лабораториялык башчысы. 1961-жылдан КМУда додент, 1971-жылдан КАЧИде кафедра башчысы, кийин Топурак таануу жана агрохимия институтунда иштеген. Топурак таануу боюнча адис. 60тан ашык илимий эмгектери жарык көргөн. 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4