Фемицид

Википедия дан
Чилиде аялдардын өлтүрүүнүн натыйжасында каза болгон аялдардын элесине арналган эстеликтер жана шамдар, 2007-ж

Фемицид (англ. femicide) же феминицид (исп. feminicidio) — жек көрүү кылмышы, жалпысынан “аялдарды же кыздарды аял болгондуктан атайылап өлтүрүү” катары аныкталат, бирок аныктамалар анын маданий контекстине жараша айырмаланат[1]. Мындай кадамга эркектер аялдарды жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка көз жумуп койгон учурларда барышат. Фемицид киши колдуу болгон аялга карата мурда сексуалдык жана дискриминациялык ынанымдар болгондо, аял кишини өз менчиги катары көргөндө, калыптанып калган гендердик ролдорго баш ийдирүүгө мажбурлоодо, колунда бийлиги бар экенине ишенип өзүн жогору көрүүдө жасалат[2].

Гомицид (адамды адам өлтүрүүсү) тууралуу 2019-жылы жүргүзүлгөн глобалдык изилдөөгө ылайык, 2017-жылы дүйнө жүзү боюнча 87 миң аял киши колдуу болгон. Аялдарды негизинен үйүндө жакын өнөктөштөрү, мисалы, күйөөлөрү, ойноштору өлтүрүшөт. Дүйнө боюнча киши колдуу болгон аялдардын 58%ын дал ушул топтогулар түзөт[3]. Испаниянын сот-аялдар ассоциациясынын негиздөөчүсү Люсиа Авилес дүйнөдө аял өлтүрүү маселеси чечилген бир дагы мамлекет жок деп белгилейт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фемицид термини Кыргызстанда жайылган эмес, бирок адам укуктары, анын ичинде аял укуктарын коргоочу уюмдар кеңири колдонот. Биринчи жолу бул термин 1801-жылы британиялык Жон Корринин китебинде үй-бүлөлүү эркектин кызды азгыруусу катары колдонулган. 1976-жылы феминист Диана Рассел фемицид термининин дүйнөгө жайылтып, түшүнүктү саясий деңгээлге чыгарган. Ал бул терминди “аялды аял болгону үчүн өлтүрүү” деп белгилеген[4]. Фемицид бул мааниде 1960-жылы Латын Америкасындагы адам укуктарын коргогон Мирабаль эже-сиңдилер диктатор Рафаэль Трухильонун буйругу менен өлтүрүлгөндөн кийин колдонула баштаган[5]. 1976-жылы 4-8-март аралыгында Брюсселде өткөн аялдарга карата кылмыштар тууралуу эл аралык трибунал өтүп, ага 40тай өлкөдөн 2 миңден ашык аял катышып, алар өздөрү туш болгон басым, зомбулуктарды айтып беришкен. Съезддин жыйынтыгында уюштуруучулар Диана Рассел жана Николь Ван Ден Вен азыр да актуалдуулугун жоготпогон согуш учурунда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар, алардын, айрыкча лесбиянкалардын жектелиши тууралуу идеяларын билдирген[6]. Эркектерге артыкчылык берилген кээ бир Индия жана Кытай сыяктуу маданияттарда кыз төрөлүп калса аларды тымызын өлтүрүп коюу, ошондой эле бойдон алдыруу, аялдардын жыныстык органдарына зыян келтирүү менен операция кылдыруу сыяктуу көрүнүштөр болуп келерин Диана Рассел белгилейт[7].

Антифемициддик агым Латын Америкасынан жайылды. Мексикалык акын жана журналист Сюзанна Чавес өзүнүн поэтикалык текстине “Бир аял кем эмес, мындан ары өлүм жок (Ni una mujer menos, ni una muerte más)” деген[8]. 2011-жылдын 6-январында Сюзанна өлтүрүлүп, анын бул сөздөрү аялдарга карата зомбулук менен күрөшүүдө дүйнөлүк урааны болуп калды. Буга чейинки Мексиканын Сьюдад-Хуарес шаарында аялдардын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү себеп болуп, өзгөчө эл аралык деңгээлдеги маселеге чыккан[5].

Бишкекте активисттердин фемицидке каршы акциясы.

1993-жылы Сьюдад-Хуарес шаарында аялдар мыкаачылык менен өлтүрүлө баштаган. 1993-2001-жылга чейин 370тен ашык катталса, 2012-жылга карата 700дөн ашкан. Өлтүрүлгөндөрдүн баары АКШ менен Мексиканын чек арасында жайгашкан Макиладора цехтеринде иштешкен жакыр жашашкан жаш аялдар болгон. Кыянаттык менен өлтүрүлгөндүктөн 77%ы таанылбай калган. Миңдеген аялдар дайынсыз жоголгон. Полиция кылмышкерлерди издөөгө тоскоолдуктарды жараткан. Мындай өлүмдөр башка өлкөлөргө да билинип, сот иштери жүрүп, 2009-жылы Мексика мамлекети өз жарандарын коргобогондугу үчүн күнөөлүү деп табылган. Адам укуктары боюнча Америка аралык соту кайрадан иликтөөнү, улуттук мемориал түзүүнү, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүнү жана өлтүрүүнү токтотуу боюнча чараларды көрүүнү буюрган.

2015-жылы Колумбия Латын Америкасынын 16 өлкөсүнөн кийин аялды өлтүргөндүгү үчүн жазаны катаалдаткан мамлекет болду, кылмышкер 20 жылдан 40 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Жаңы мыйзам 2012-жылдын май айында Боготадагы паркта зордукталып, өлтүрүлгөн Роза Эльвира Челинин атынан аталды. Челини өлтүргөн адам 48 жылга кесилген. Мыйзам кабыл алынганга чейин Колумбияда жылдын алгачкы эки айында 126 аял өлтүрүлгөн, алардын көбү жаш кыздар болгон.

Азия өлкөлөрүндө маданиятына, каада-салтына, динге байланыштуу фемицидге жеткирген учурлар көп. Мисалы, Ооганстанда бейтааныш адамдар менен жолукпоо үчүн аялдарга иштөөгө тыюу салынган. Кыздарга сегиз жаштан баштап туугандарынан башка эркектердин алдына чыгууга тыюу салынган, бул мектепте окууга жана жөн гана коштоосуз көчөгө чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт. Анын ордуна 16 жашка чейин күйөөгө берип, төрөт учурунда каза болгондор көп. Укук коргоочулар ар жарым саат сайын төрөттөн каза болгондор катталганын белгилейт. Ошондой эле өз өмүрүнө кол салуу аялдарда көп катталган жалгыз өлкө.

Ал эми Пакистанда турмушка чыгуудан баш тарткан кыздардан өч алуу үчүн ага кислота чачкан учурлар көп. Уганда, Түштүк Африка же Индия сыяктуу өлкөлөр менен бирге бул ырайымсыз практика Улуу Британияда да көп кездешет (2017-жылы 941 учур катталган)[9].

Статистика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда аялдардын өмүрүнө көбүнесе эркектер кол салат. Бул орточо эсеп менен он кылмыштын ичинен сегизин түзөт. Ал эми 10% аялды аял өлтүргөн болсо, 10% учурда кылмышкер табылбай калган. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2010-жылдан баштап 2020-жылдын алгачкы 9 айына чейин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча аялдардын киши колдуу болгонуна байланыштуу 762 кылмыш иши козголгон[10]. Фемицид учурларынын 75%ын киши колдуу болгон аялга тааныш болгон адам – жыныстык өнөктөшү, тууганы же жолдошу кылган. Аял өлтүрүү учурларынын 12%ы гана көчөдө бейтааныш адам тарабынан жасалган.

Аял өлтүрүү учурларынын көбү урушуу учурунда эркектин агрессиясынан улам болот. Киши колдуу болгон аялдардын көбү күйөөлөрү, өнөктөштөрү тарабынан такай зордук-зомбулукка кабылып турушкан. Ошол эле учурда эркектин агрессиясына кызгануудан тарта каржы боюнча маселелерди талкуулоо сыяктуу ар кандай нерселер себеп болушу мүмкүн.

Кыргызстандагы фемициддин мүнөздөмөлөрү аялдардын көзү тирүүсүндө такай ур-токмокко туш болуп, көп жаракат алганын жана натыйжада мыкаачылык менен өлтүрүүгө дуушар болгонун далилдейт. 100 фемицид учурунун ичинен бери эле дегенде 70инде адам өмүрүнө кол салган киши кылмышты жашырууга аракет кылган. Тагыраак айтканда, ал сөөктү өрттөө жана жиликтөө аркылуу маркумдун сөөгүн жок кылган.[2]

2008-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстанда 300дөн ашуун фемицид учуру болгону аныкталган[11].

Орусияда 2019-жылы 1764 фемицид фактысы катталган. Фемицидди үй-бүлөлүк зомбулук катары карап коюу реалдуулукка көз жумуп, мындай зомбулуктардын жайылышына салым кошот.[1]

Дүйнө боюнча жыл сайын орточо эсеп менен 66 000 аял зомбулуктан каза болот. Бул атайылап өлтүрүүнүн 17%ын түзөт. 2017-жылы дүйнө боюнча 87 000 аял өлтүрүлгөнү катталган, бул күнүнө 137 аял өлтүрүлөт дегендик[12].

Үй-бүлөлүк зомбулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүк зомбулук көбүнчө жубайлардын же интимдик өнөктөштөрдүн зомбулук актыларына карата колдонулат. “Үй – аялдар үчүн эң эле кооптуу жайлардын бири. Гендердик стереотиптердин жана теңсиздиктин натыйжасында аялдар үй ичинде кыйынчылыктарга дуушар болушат”,- деп айтылат UNODC`дун дүйнөлүк гомицид боюнча баяндамасында[3].

Соңку бир нече жылда Кыргызстанда жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктун 7000ге жакын учуру катталган. Аялдарга карата зордук-зомбулуктун фемицидге жеткен учурлары көп. Алсак, 2019-жылы сентябрдын аягында 51 жаштагы күйөөсү аялын уктап жатканда балталап салган. Сот отурумунда күйөөсү аялын телевизор көрүп жатса өчүрүп салып, жинине тийе бергендиктен өлтүргөнүн айткан. “Кылган кылмышыма эч өкүнбөйм, мен мурун эле өлтүрөйүн деп жүргөм, аны баары бир өлтүрмөкмүн”, - деп билдирген күнөөлүү[13].

Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Шабдан Кайыпов үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын көпчүлүгү күйөөсү менен мамилесин бузгусу келбегендиктен зомбулукту жашырарын, натыйжада зомбулукту аныктоо кызматкерлер үчүн чоң көйгөй жаратарын айтат.

Үй-бүлөдөгү бир кыйла оор кылмыштар үчүн жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн. Бул жерде ден соолукка оор зыян келтирүү, кыйноолор, катуу уруп-согуп кыйноолор жана башкалар болуп бөлүнөт (КР КЖКнын 138-149-беренелери)[14].

Чет элдик изилдөөлөргө ылайык (Monckton Smith et al 2017, Stark 2009), өнөктөшү тарабынан 90%га жакын аял өлтүрүлгөн учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктун, мажбурлоонун жана куугунтуктун белгилери болуп өлтүрүүгө чейин жеткен. Чогуу жашагандан кийин көзөмөл, зордук-зомбулук жана бөлүнүү адам өлтүрүү ыктымалдыгын жогорулатат. Улуу Британияда 2009-2015-жылдары өлтүрүлгөн 936 аялдын 598и өнөктөштөрүнүн курмандыгы болгон[15].

Молдовада 2014-2018-жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктан 144 аял каза болсо, 2018-жылы 30 факты катталган. 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 7 аял каза болгон.

Сексуалдык зомбулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан сексуалдык катнаштын түрдүү актысы, жыныстык катнашка аракет жасоо, сексуалдык мүнөздөгү ар кандай билдирүүлөр, сунуштар, денесин сатууга мажбурлоо аракеттерин сексуалдык зордук-зомбулукка киргизген. Мындай аракеттер зордуктоо, каалоого каршы бойго бүтүрүү же бойдон алдыруу, башка адамдар менен жыныстык катнашка мажбурлоо, жыныс мүчөлөргө зыян келтирүү менен коштолот[14].

UNFPA: “Кээ бир өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө аялды уруп-сабоо, ар-намыстык өлтүрүү, аялдардын жыныстык органдарына операция жасатуу/бычып салуу жана сеп үчүн өлтүрүү сыяктуу аялдарга зыян келтирилген иштер күнүмдүк тартиптин бир бөлүгү катары каралат”,- деп жазат[16].

“Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу: EЭК региондорунан сабактар жана чечимдер 2019 (БУУ Аялдар)” отчётуна ылайык, Албания, Босния жана Герцеговина, Монтенегро, Түндүк Македония, Сербия, Молдова жана Украинада жаш аялдардын 70%ы 15 жашында интимдик өнөктөш же өнөктөш эмес тарабынан сексуалдык ыдык көрсөтүүгө, зордуктоого дуушар болушат. Аялдардын 31%ы физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. Ошол эле учурда аялдардын 23%ы интимдик өнөктөштөр тарабынан физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. Сурамжылоого катышкандардын 19% өбүү, кучакташуу же кармалоо менен ыдык көрсөтүлгөнүн билдиришкен. Учурдагы өнөктөшү тарабынан зордук-зомбулукка кабылган аялдардын 7%ы гана полицияга арызданган. Мурдагы өнөктөшү тарабынан зомбулукка кабылган аялдардын 15%ы, өнөктөш эместердин зомбулугунун курмандыгы болгон аялдардын 19%ы, сексуалдык ыдык көрсөтүүгө кабылган аялдардын 2%ы жана аркасынан куугунтукталган аялдардын 13%ы гана полицияга кайрылган[15].

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму “реалдуу же коркутуу жолу менен физикалык күчтү же бийликти атайлап колдонуу, анын кесепети денеге залал келтирүү, өлүм, психологиялык травма, өнүгүүнүн четтөөлөрү же ар кандай зыяндарга алып келиши мүмкүн”,- деп белгилейт[17].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Фемицид // Femicid.net (орус.). https://www.wmmsk.com/femicid/ Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  2. 2.0 2.1 А. Капушенко, С. Хасанова, Фемицид. Кыргызстанда аялдарды кимдер жана кантип өлтүрүшөт? Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  3. 3.0 3.1 UNODC. Global Study on Homicide 2019. (англ.)
  4. М. Колесникова, А. Васюкович, Невозможное слово. Как "защита традиционных ценностей" оборачивается фемицидом — убийствами женщин за то, что они женщины. (орус.). Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  5. 5.0 5.1 Л. Малышева, 2019. Мужчины убивают женщин. Проблема фемицида в мире и России Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  6. Doughty, Frances. Lesbians and International Women's Year: A Report on Three Conferences, in Our Right to Love: A Lesbian Resource Book, Ginny Vida, Prentice Hall, 1978, ISBN 0-13-644401-6, 148 бет. (англ.)
  7. Russell, Diana E.H. and Harmes, Roberta A, (Eds.), Femicide in Global Perspective (англ.) New York: Teachers College Press, 2001, Ch. 2, p. 13-14
  8. Ni una menos – кровь и музыка (орус.) // https://www.bergenrabbit.net/2017/06/ni-una-menos-krov-i-muzy-ka/#more-72426 Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  9. Н. Портякова. Нелегкая доля: в каких странах лучше не рождаться девочкой, 2018. (орус.) https://iz.ru/797921/nataliia-portiakova/nelegkaia-dolia-v-kakikh-stranakh-luchshe-ne-rozhdatsia-devochkoi
  10. Данные по убийствам женщин и мужчин в Кыргызстане.https://docs.google.com/spreadsheets/d/1PoRHTVG26fHhxCkthrThLknrlrJuI1Lp-byAc4Rvf-0/edit#gid=0 Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  11. База данных_новости. https://docs.google.com/spreadsheets/d/1mO8Tmn1oeLmrf6f8uPL-0_ZyYL_tWQfzQveK27Dd0PE/edit#gid=0 Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  12. The women killed on one day around the world, 25 November 2018. (англ.). Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  13. КИ № 56/20-Ч6 Өкүм Бирдин айынын 26, 2020, Сокулук айылы http://act.sot.kg/act/download/219235.pdf Archived 2021-09-12 at the Wayback Machine Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  14. 14.0 14.1 М. Сулайманова, Кыргызстан: үйдөгү зордук-зомбулук учурунда эмне кылуу жана кайда кайрылуу керек? 2021. кирүү күнү: бугу аынын 11, 2022.
  15. 15.0 15.1 К. Руснак, Фемицид предсказуем. 8 стадий, ведущих к убийству Archived 2022-04-12 at the Wayback Machine 2020-ж (орус.). Кирүү күнү: бугу айынын 11, 2022.
  16. UNFPA Taking a stand against practices that harm women. United Nations Population Fund (чын куран, 2015).
  17. Насилие и его влияние на здоровье. Доклад о ситуации в мире, 2002, ВОЗ, с. 5. (орус.)