Ференц Лист

Википедия дан
Франц Лист (1858).

Лист Ференц (Франц) (22. 10. 1811, Венгрия, Доборьян кыштагы– 31. 7. 1889, Германия, Байрёйт) – венгр композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Соңку романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. 1823-жылдан Парижде жашап, жер кыдырып концерт берген. 1830-жылдагы Июль революциясынын жана Лион токуучуларынын козголоңунун таасири менен «Революция симфониясын» жана «Лион» фортепианолук пьесасын жазган. Кийинчерээк «Орфей» (1854), «Прометей» (1850–55), «Фауст» (1854–57) сыяктуу симфониялык чыгармаларды жараткан. Фортепиано үчүн жазган «Саякатчынын альбому» (1854–57), «Петрарканын үч сонети» (1839), «Өлүм бийи» (1839–59) сыяктуу өзгөчө чыгармалары, «Ыйык Елизавета жөнүндө санжыра» (1857–62), «Гран мессасы» (1855) ораториялары атагын алыска угузган. Веймарда падыша сарайында иштеп жүргөндө (1848–61) музыканттардын Веймар мектебин кураган, азатчыл көз карашын туюндурган чыгармаларды жазган. Дантенин «Ажайып комедиясына» симфония (1856), «Прелюдиялар» (1848–54) жана 12 симфониялык поэмасы буга мисал. «Си-минор сонатасы» (1853), «Сапар жылдары» (1836–77) пьеса цикли жер кезип жүргөндөгү таасирлердин негизинде жазылса, «Венгр элдик темасына фантазия» (1852), «Венгр рапсодиясы» (15 рапсодия, 1846–51) ата журт темасына арналган. Лист романс, ыр жана башка чыгармаларында музыкалык искусствонун көркөм каражаттарын кеңири пайдаланып, фортепианолук чыгармага жаңыча баяндоо формасын кийирип, дал ушундай өрнөгү менен ал дүйнөлүк музыка искусствосуна зор таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7