Феррара

Википедия дан

Феррара - Италиянын түндүгүндөгү шаар.

Эмилилья-Романья облусундагы Феррара провинциясынын адм. борбору. Калкы 130,5 миң (2010). Айыл чарбалуу аймактын борбору. Нефть-химиялык, жыгаччылык, айнек, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Музейлер (а. и. лапидарий, Улуттук пинакотека) ж. б. бар. 8-кылымдан эскерилет. 14711588-ж. аты окшош герцогдуктун борбору. Роман стилиндеги собору (12-18-к.), готика стилиндеги Комунале (13-15-к.) жана делла-Ражоне (14-к.) палаццолору, ренессанс стилиндеги курулуштар (д’Эсте сепили, 14-к.; Палацдо Скифаноя, 14-15-к. ж. б.) сакталган. 1995-ж. шаардын ренессанс стилиндеги салынган бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4