Мазмунга өтүү

Фетхуллах Гүлен

Википедия — ачык энциклопедия
Fethullah Gülen (2016)

1941-жылы, Туулган жылы:

М. Фетхуллах Гүлен 1941-жылы 27-апрелде Эрзурум облусунун Хасанкале районуна караштуу Коружук айылында төрөлгөн.

1945-жылы, Куран үйрөнүү: 4 жашында (1945-жылы) апасынан Куран окууну үйрөнүп, кыска мөөнөттүн ичинде Куранды толук окуп чыкты.

1946-жылы: Мектепке баштады.

1949-жылы, Мектеп күндөрү жана жарым калган орто билим: Атасы 1949-жылы Алвар айылына имам болуп жиберилип, үй-бүлөсү менен көчүп кеткенине байланыштуу мектепти таштаганга аргасыз болот, бирок заочный болуп орто билимин алат.

1951-жылы, Куранды толугу менен жаттоо (хафыздык) иштери: Атасы Рамиз молдодон арабча үйрөндү жана төрт жашында окуй баштаган Куранды 1951-жылы, 10 жашында толугу менен жаттап, хафыздыгын толуктады.

1952-жылы, Хасанкале күндөрү: Хасанкаледе жашаган молдо Хажы Сыткыдан кыраат (тажвид) үйрөндү.

1954-жылы, Сади Эфендиден арабча сабактарын ала баштады: Фетхуллах Гүлен Эрзурумдагы Куршунлу мечитинин медресесинде Алвар имамынын (Азирети Мухаммед Лүтфи) небереси Саади Эфендиден сабак ала баштаган.

1954-жылы: 1954-жылы 10-январда чоң энеси жана чоң атасы дүйнөдөн кайтты.

1954-жылы: 1954-жылы январда чоң энеси Мунисе айым жана чоң атасы Шамил бир саат аралыгында дүйнөдөн кайтты.

1955-жылы, Эрзурумдагы окуучулук күндөрү: Куршунлу мечитинин медресесинен чыгып, Кемхан мечитинин жанындагы медреседе 6 ай окуду. Ал жерден да чыгып Ташмесжидке барды. Таштанды абалындагы Ахмедийе мечитинде өзүнүн мүмкүнчүлүгү менен бир бөлмө даярдап, Зиннур деген досу менен ошол жерге жайгашты. Бул жерде Осман Бекташ хожадан сабак ала баштады. Эдирнеге кеткенге чейин жалгыз ушул жерде жашады.

1955-жылы, Алгачкы баянын 14 жашында айтты: 1955-жылы 14 жашта жана Эрзурумдагы медреселерде окуучу болгонуна карабай, Коружук жана Алвар айылдарынын мечиттеринде баян айта баштаган.

12.03.1956-жылы: Китептерин окуп, мугалимим деп эсептеген мугалими Азирети Алварлы (Мухаммед Лутфи Эфенди) дүйнөдөн кайтты. 1868-жылы туулган Мухаммед Лутфи 1956-жылы 88 жашында дүйнөдөн кайтты.

1959-жылы, Эрзурумдан Эдирнеге барды: Эрзурумдан Эдирнеге барды. Эдирнеде имам Хүсейин Топтун жардамы аркылуу кең чөйрөлүү болуп, кирген сынактарынын баарынан өттү. Бирок аскердик кызматын өтөй элек болгондугу үчүн, 1959-жылы 6-августта расмий түрдө Үчшерефели мечитинин жардамчы имамы болуп дайындалды. Эки жарым жыл Үчшерефели мечитинин бир терезесинде жашады.

29.03.1960-жылы, Үйлөнүү маселесинин чечими: Эдирнеде жашаган жылдарынын башында тууганы болгон Хүсейин Топ хожа аркылуу бир үйлөнүү маселеси сунушталды. Бирок сунуш жана талап кыз тараптан болгондуктан кабыл кыла албады. Бул окуя 1960-жылы Рамазан майрамында өткөн.

10.11.1961-жылы, Аскерге барды: Анкара шаарында аскердик кызматка баштады.

1963-жылы, Аскерден кийинки күндөр: 1963-жылдын март айында аскердик кызматын толуктады. Аскерден кийин туулган жери Эрзурумга барып, бир канча убакыт үй-бүлөсүнүн жанында жашады. Ушул убактарда Мевлана жөнүндө бир конференция берди. Коммунизм менен күрөш фондунун курулушунда болду.

1964-жылы, Кайрадан Эдирнеге баруу: Аскерден кийин 1 жылга жакын Эрзурумда жашады. Андан кийин кайрадан Эдирнеге кайтты. 1964-жылы 4-июлда Дарүл Хадис мечитинин Куран курсунда мугалим жана мечитте имам болуп иштей баштады. Азыр профессор болгон Суат Йылдырым ал убактарда Эдирне муфтиси эле. Экөө бир үйдө бирге жашады. Дарулхадис мечитинин имам бөлмөсүндө сабактарга башташты.

31.07.1965-жылы, Эдирнеден Кыркларели шаарына жөнөтүлдү: Эдирнеде 1 жыл жашады. Кыркларели шаарына жиберилүүсүн суранды. 1965-жылы 31-июлда Кыркларели шаарынын борбордук мүфтиятына жөнөтүлдү.

18.02.1968-жылы, Биринчи жолу ажыга баруу: Измир шаарындагы Кестанепазары Куран курсунда мугалим болуп жүргөндө, Диний иштер башкармалыгынан Лүтфү Доган телефон чалып, Диний кызматкер статусунда ажыга жиберилип жатканын айтты. Ошол жылы (1968-жылы) биринчи жолу ажыга барды.

1971-жылы, 12-март: Аскердик кыймыл болгонго чейин Кестанепазарынан кетти. 1971-жылы 12-март окуясынан мурун Кестанепазары Куран курсундагы ишинен кеткен.

03.05.1971-жылы: Түрдүү жалаалар менен көзөмөлгө алынды.

29.06.1974-жылы, Маниса шаарына жиберилди: 2 жыл 4 ай Эдремит шаарында иштеди. Андан кийин Маниса шаарына жөнөтүлдү.

20.09.1974-жылы, Атасы Рамиз Эфенди дүйнөдөн кайтты: Рамазан айынын үчүнчү күнүндө атасы Рамиз Эфенди дүйнөдөн кайтты.

1975-жылы, Конференциялар бере баштады: 1975-жылы “Куран жана илим”, “Дарвинизм”, “Алтын урпак”, “Коомдук адилет” жана “Пайгамбарлык” аттуу конференцияларды бере баштады. 1976-жылы да уланган бул конференциялар Измир шаарынан тышкары Анкара, Чорум, Малатия, Диярбакыр, Коня, Анталия, Айдын облустарында да болуп өттү.

28.09.1976-жылы: Манисадан Измир шаарынын Борнова микрорайонуна жиберилди. 2 жыл 3 ай Манисада иштеп, андан кийин Борновага жиберилди. Бул жерде 1980-жылдын 12-сентябрында болгон аскердик окуяга чейин иштеди.

1977-жылы, Башка өлкөлөрдөгү конференциялары: 1977-жылы Германияга барып, бир канча жерлеринде түрдүү маектерди жана конференцияларды берди.

26.08.1977-жылы, Стамбулдагы биринчи баяны: Стамбул шаарындагы Йени Жами мечитинде биринчи ваазын берди. Баянынын темасы «Мусулмандын биринчиден болуп өзүнө жана эгосуна чеки-дүзен берүүсү» эле.

1979-жылы: «Сызынты» журналында макала жаза баштады.

05.09.1980-жылы, Борновада акыркы баянын берди жана Тургут Өзал менен жолугушту: 12-сентябрь 1980-жылкы аскердик кыймылдан бир апта мурун, 5-сентябрь жума күнү акыркы баянына чыкты. Баянынан кийин ошол убактагы президент Тургут Өзал менен мечиттин имам бөлмөсүндө жолугушту.

12.09.1980-жылы, Аскер өкмөттү кулатты: 12-сентябрь 1980-жылкы аскердик кыймылдын артынан ишин кылууга мүмкүнчүлүк тапкан жок.

20.03.1981-жылы, Мүфтияттагы ишин таштады: 12-сентябрь 1980-жылкы аскердик кыймылдын артынан өзгөчө кырдаал жарыяланып, оорлошкон шарттардын натыйжасында ишинен өз каалоосу менен кетти.

06.04.1986-жылы: Бүйүк Чамлыжа мечитинде 6 жылдан кийин баян берди.

01.07.1988-жылы: «Йени Үмит» журналында макалалар жаза баштады.

21.09.1991-жылы: «Эбеди Рисалет» симпозиумунда бир конференция берди.

05.05.1992-жылы: Америкада президент Тургут Өзалды зыярат кылды.

18.04.1993-жылы: Президент Тургут Өзалдын өлгөнүнө байланыштуу гезиттерде көңүл айтуу жарыялады.

28.06.1993-жылы: Апасы Рефиа Гүлен дүйнөдөн кайтты.

29.06.1994-жылы, Журналисттер жана жазуучулар фондунун ачылыш аземинде болду: Фетхуллах Гүлен Журналисттер жана жазуучулар фондунун ачылыш аземине катышуу үчүн Дедеман мейманканасында болду.

30.11.1994-жылы, Премьер-министр Тансу Чиллерди зыярат кылды: Зыярат премьер-министр Тансу Чиллердин түрдүү блоктор менен жолугушуу долбоорунун негизинде болду.

06.12.1994-жылы: Премьер-министр Тансу Чиллер менен кылган жолугушуусу жөнүндө пресс-билдирүү жарыялады. Фетхуллах Гүлендин адвокаты Фети Үн премьер-министр Тансу Чиллер менен болгон жолугушуусуна коомчулукта айтылган түрдүү ушак-кептерге пресс-билдирүү жарыялады.

11.02.1995-жылы: Полат Ренессанс мейманканасында Журналисттер жана жазуучулар фондунун иптарына катышты.

02.08.1995-жылы, Түркия мамлекетинин парламент башчысы Хүсаметтин Жиндорукту зыярат кылды: Фетхуллах Гүлен парламент башчысы Хүсаметтин Жиндорукту парламенттеги бөлмөсүндө зыярат кылды.

14.09.1995-жылы, Ден соолугуна байланыштуу жүрөгүнө анжийо кылдырды: Фетхуллах Гүлен узун убакыттан бери өзүн тынчсыздандырган жүрөк ооруларынын себебин такташ үчүн Америка ооруканасында жүрөгүнө анжийо жасатты.

19.10.1995-жылы: Голландиялык бир телевизор каналына репортаж берди. Бул репортажда жашоосу, көз карашы, кылган иштери, Ислам жана лаиклик темалары боюнча суралган суроолорге жооп берди.

1995-жылы: Диалог сыйлыктарынын берилүү аземине катышты. Журналисттер жана жазуучулар фонду тарабынан уюштурулган 1995-жылкы Диалог сыйлыктары Чыраган сарайында белгиленген аземде өз ээлерине берилди.

04.04.1996-жылы, Патриарх Варфоломей менен жолугушту: Акыркы жылдарда жалпы коомдук диалог темасына эң көп көңүл бурган Фетхуллах Гүлен жана Фенер Рум патриархы Варфоломей жылуу чөйрөдө жолугушуп, Түркияда мусулман жана мусулман эмес элдер арасында диалогду баштатты.

30.09.1996-жылы: Журналисттер жана жазуучулар фондунун 3-жылында «Кең келечегибиз үчүн бирдикте» аттуу жыйынында сүйлөдү. Журналисттер жана жазуучулар фонду уюштурган жыйынга көптөгөн адамдар катышты.

08.11.1996-жылы, Фатих университетинин ачылыш аземине катышты: Стамбулдун Бейликдүзү районунда курулган Фатих университети 08-ноябрь 1996-жылы Президент Сүлейман Демирел тарабынан ачылды. Ачылышка Алпарслан Түркеш, Рыза Акчалы жана көптөгөн саясатчы, билим адамдары жана иш адамдары катышты. Фетхуллах Гүлен бардык коноктор жана Президент менен жакын маанайда болду.

04.03.1997-жылы, Америка ооруканасында медициналык контролдон өттү: Фетхуллах Гүлен Америка ооруканасында медосмотрдон өттү. Анын ден соолугун текшерген кардиология доктору Др. Фүсун Дегирменжиоглу ден соолугунун жакшы болгонун, бирок дем алышы керектигин айткан. Гүлен болсо өзүн жакшы эле сезип жатканын, бирок акыркы сөздү докторлордун айтарын билдирген.

11.06.1997-жылы, Ден соолугуна байланыштуу Америкага кетти: Көптөн бери өзүн кыйнап жүргөн жүрөгүнүн кысылуусуна байланыштуу Америкага кетти. Огайо штатында жүрөгүнө анжийо жасатты.

09.02.1998-жылы, Ватиканда Папа Иоанн Павел II менен жолугушту: Ватиканда диндер аралык диалог үчүн католиктердин лидери Папа Иоанн Павел II менен 30 мүнөт чамасында бир жолугушуу өткөрдү.

18.02.1998-жылы: Папа жолугушуусу жөнүндө пресс-билдирүү өткөрдү. Фетхуллах Гүлендин диндер аралык диалогдун бекемделиши жана толеранттуулук үчүн Папа менен жолугушуусуна коомдо түрдүү сын-пикирлер жана ушак сөздөр айтыла баштаганына байланыштуу пресс-билдирүү өткөрдү.

19.02.1998-жылы: Дүйнө чиркөөлөр биримдигинен Гүленге тынчтык/достук зыяраты кылынды. Палестинада согуштун добушу көтөрүлүп жатканда, Ортоңку Чыгыш өлкөлөрүндө (араб өлкөлөрү жана Түркия) тынчтык орношу үчүн Бүткүл дүйнөлүк чиркөөлөр биримдиги (ЖМЕП) үч кишилик бир делегация менен Гүленге тынчтык үчүн деп зыярат жасашты.

25.02.1998-жылы, Хахамбашы Елияху Бакши-Дорон менен жолугушту: Фетхуллах Гүлен Журналисттер жана жазуучулар фондунда Израилдин Сефарад хахамбашысы Елияху Бакши-Дорон менен жолугушту.

19.03.1998-жылы: Түрк дүйнөсүнө кылган салымдары үчүн «Түрк 2000дер фондунан» сыйлык алды. Түрк 2000дер фонду Түрк дүйнөсүнө өз салымдарын кошкон 20 кишиге сыйлык берди. Сыйлык алгандардын арасында Фетхуллах Гүлен да бар эле.

06.05.1998-жылы: Орус ОРТ телевизоруна репортаж берди. Бул репортажда түрк-орус элдеринин мамилелери, Фетхуллах Гүлендин жашоосу жана ойлору деген темаларда маек курулду.

21.03.1999-жылы, Ден соолугуна байланыштуу лечениe үчүн Америкага барды: Фетхуллах Гүлен 21-март базар күнү (1999-жылы) мурун ооруканадан берилген чакырууга макул болуп Америкага кетти.

12.09.2001-жылы: Америкадагы 11-сентябрь 2001-жылкы терроисттик атакага байланыштуу билдирүү жарыялады.

08.09.2004-жылы: Орусиянын Түндүк Осетия чөлкөмүндө бир мектепке жасалган терроисттик атакада өлгөндөрдүн кайгысын тең бөлүшкөндүгү жөнүндө прессада көңүл айтуу жарыялады.

29.08.2007-жылы: Фетхуллах Гүлен Түркияда 11-президент болуп шайланган Абдуллах Гүлгө куттуктоо жиберди.

01.08.2008-жылы, «Foreign Policy» журналына репортаж берди: Фетхуллах Гүлен дүйнөгө таанымал мамлекеттер арасы кызматташтык журналы «Foreign Policy» журналына репортаж берди. Журналдын суроолоруна жооп берип жатканда, өмүрүндө эч саясий максатынын болбогонун жана мындан кийин да болбой тургандыгын айтты.

01.03.2009-жылы: «Диалог Авразия» журналынын 2009-жылкы жазгы санында репортажы жарыяланды. Фетхуллах Гүлен орус интеллигенттеринин Гүлен кыймылы, мектептер, диалог аракеттери, модерн Ислам түшүнүгү жана проблемалары, мусулман элдери менен Батыш элдеринин ортосундагы түшүнбөстүктөр, орус маданияты, Орусия менен Түркиянын көп тараптуу мамилелери жана «Орусияга келейин деген оюңуз барбы?» деген суроолоруна жооп берди.