Филдс медалы

Википедия дан
Филдс медалы.

Филдс медалы (англ. Fields Medal) - Эл аралык математиктер уюумунун Эл аралык Конгреси тарабынан эки, үч же төрт кырк жаштан ашпаган математиктерге берилүүчү сыйлык. Сыйлык төрт жылда бир ыйгарылат.

Филдс медалы, Абел сыйлыгы сыяктуу математика тармагындагы эң абройлуу сыйлык болуп саналат. Филдс медалы жана Абел сыйлыгын көп учурда математиктердин "Нобель сыйлыгы" деп атап коюшат.

Филдс медалында Абел сыйлыгынан айырмаланып жаш чектөө жана өткөрүлгөн жылдардын айырмачылыгы бар (төрт жылда бир жолу ыйгарылат).

Сыйлык ошондой эле 2006-жылдан бери 15.000 канадалык доллардан турган акчалай сыйлыктан турат. Сыйлык канадалык Жон Чарлз Филдс аттуу математиктин урматына аталган. Филдс сыйлыкты түзүүдө, медалын дизайн кылууда жана акчалай каржылоодо чоң роль ойногон.

Медал алгач жолу 1936-жылы финляндиялык Ларс Алфорс аттуу математикке жана америкалык Жесс Дуглас аттуу математикке берилген жана 1950-жылдан бери төрт жылда бир ыйгарылып келет. Бул сыйлыктын эң башкы максаты бул математикага эң чоң салым кошкон жаш математиктерге колдоо көрсөтүү болуп саналат.. 2014-жылы Мариям Мирзакани Филдс медалын уткан алгачкы ирандык жана алгачкы аял болуп калган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]