Филлохинон

Википедия дан

Филлохинон (К1 витамини)— кан уюу процессине катышуучу маанилүү фактор. К витамининин жетишсиздиги ар кандай органдан (мурун, бүйлө, ичеги-карын жолунун органдары) кан агууга алып келет. К витаминин күнүмдүк керектөө чоң кишиде. 0,2 — 0,3 мг, кош бойлууларга 2—5 мг. Филлохинон өсүмдүктөрдүн жашыл бөлүктөрүндө (шпинат, капуста, чалкан жана башка), ошондой эле сабиз, томатта болот. К витамини жаныбардын боорунда гана болот. Медицинада К витамининин синтез жолу менен алынган түрү — викасол жана синкавит колдонулат. Бул витаминден башка киши организмине керек биологиялык активдүү заттар (витамин сымал бирикмелер) бар. Майда эрүүчү витамин.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8