Фон (эл)
Фон | |
![]() | |
Расмий аталышы |
Fon |
---|---|
Учурда жайгашкан ареалы жана саны | |
Тили | |
Дини |
христиандар (католиктер) жана мусульмандар |
Расалык тиби |
Фон, джеджи, дагомеялыктар, чыгыш эве (өздөрүн фонгбе деп аташат) — Батыш Африкадагы эл. Эве элине жакын. Бениндин түштүгүндө жана Нигериянын түштүк-батышында жашайт. Аз сандуу топтор Тогодо бар.
Жалпы саны 3,5 млн адам.
Тил[оңдоо | булагын оңдоо]
Эне тили — фон. Нигер-конго макро-үйбүлөсүнүн
ква тил уясына кирет.
Көпчүлүгү француз тилин билишет.
Дин[оңдоо | булагын оңдоо]
Фон эли салттуу ишенимдерди (ата-бабаларга сыйынуу, асман, жер кудайларына сыйынуу ж.б.) сактап калган. Алардын ичинде Вуду культу кеңири таралган.
Бир аз христиандар (католиктер) жана мусульмандар бар.
Чарбалык иштер[оңдоо | булагын оңдоо]
Негизги салттуу кесиптери кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (маниок, ямс, жүгөрү, батат, жер жаңгак) жана майлуу пальма жемиштерин чогултуу, ошондой эле балык уулоо болуп саналат.
Тарых[оңдоо | булагын оңдоо]
Фон 17 кылымда пайда болгон Дагомея мамлекетинин этникалык өзөгүн түзгөн. Ал мамлекет кул сатуу эсебинен көтөрүлгөн. 19 кылымдын аягында француз колонизаторлору басып алышкан.
Коом[оңдоо | булагын оңдоо]
Салттын негизинде коомдук уюм
— уруу башчылары, айылдык жана көп үй-бүлөлүү жамааттар, аталык уруулук уюм; көп аялдуулук, сорорат жана левират кеңири таралган.
Салттуу сокмо үйлөр тик бурчтуу, чатыры (чөп, чий, камыш менен жабылган) бар.
Жыгачтан жана пилдин сөөгүнөн көркөм оюу өнүккөн.
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
https://bigenc.ru/ethnology/text/4716904 Archived 2022-07-11 at the Wayback Machine