Фридрих Энгельс

Википедия дан
Энгельс.

Фридрих Энгельс (1820–1895) – марксист.

1844-ж. августта Энгельс менен Маркс Парижде жолугушуп, ошондон алардын достугу жана биргелешкен ишмердиги башталат.

Энгельстин эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Немец идеологиясы» (1845–1846) китебинде Гегелдин идеалисттик философиясын, Фейербахтын материализмин жана «чыныгы социализмди» ар тараптан сындап, «илимий коммунизмдин» кеңири түшүндүрмөсүн беришкен.
  • «Анти-Дюринг» (1878) – Энгельстин эң таасирдүү эмгектеринин бири. Бул эмгегинде ал Маркстын эки ачылышынан – тарыхты материалисттик түшүнүү жана кошумча нарк теориясынан – улам социализм утопиядан илимге айланды – деп белгилеген. Китептин үчүнчү бөлүгүндө илимий социализмдин тарыхын жана теориясын берип, илимий социализм пролетардык кыймылдын теориялык көрүнүшү – деп белгилеп жана келечектеги коммунисттик коомду мүнөздөгөн.
  • Мамлекеттин келип чыгышы жана маңызы – Энгельс «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» (1884) китебиндеги башкы проблемалардын бири. Анда мындай дейт: «. . . эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүнүн белгилүү бир даражасында жеке менчик, адамды адам эзүү, коомдук таптарга бөлүнүшү жүрүп, мамлекет таптык үстөмдүктүн куралына айланат».

Энгельс мамлекеттин төмөндөгүдөй маанилүү элементтерин баса белгилеген: аймактык бөлүнүү, ачык бийлик, салыктар; келечектеги тапсыз коммунисттик коомдо мамлекеттин сөзсүз түрдө жоюлаарын көргөзгөн. Бардык марксисттер сыяктуу эле, Энгельс коомдогу мамлекеттин жашоосунун оң маанисин төмөндөтүп, мамлекет эзүүнүн куралы экендигин ашыкча баалап, мүнөздөгөн.

Колдонулган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы.Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9
  • Ленин В.И., «Фридрих Энгельс»