Фрунзе, Василий Михайлович

Википедия дан

Фрунзе Василий Михайлович (1854, Херсон губерниясы, Тирасполь уезди, Захарьевский кыштагы – 1897, Олуя-Ата уезди, Мерке кыштагы) – аскер фельдшери; М. В Фрунзенин атасы. 1870–74-жылдары Москва фельдшер-акушердик мектебин бүтүргөн. 1874-жылы аскерге чакырылып, Жети-Сууда, Токмок гарнизонунда, Түркстан округунда кызмат өтөгөн.

Аскердик мөөнөтү аяктаган соң Токмок шаарындагы атчандар полкунда аскер врачынын жардамчысы болуп иштеп, ошол кезде жергиликтүү эл арасында чечекке каршы эмдөө жүргүзгөн. 1878-жылы Пишпекке көчүп келип, врач Ф.В.Поярков менен келгиндер ооруканасын уюштурган жана фельдшер болуп иштеген. 1891-жылы жергиликтүү эл менен байланышканы үчүн куугунтукталып, фельдшердик кызматтан четтетилген.

1895-жылы Мерке айылында фельдшер болуп эмгектенген. Фрунзе талыкпаган эмгекчил, боорукер, чынчыл адам болгон. Оорулууларга күн-түн болсо да жардамын аяган эмес. Анын камыш менен жабылган кичинекей үйүнө (азыр Бишкектеги М. В. Фрунзенин музейи) көптөгөн сыркоолор келип турган. Элге кылган жакшы мамилеси үчүн жергиликтүү эл арасында кадыр-баркка ээ болгон.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]