Хайку

Википедия дан

Хоккунун (хайку) тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хокку, же хайку – япон поэзиясындагы үч саптуу, уйкашпаган, лирикалык чакан ыр. Танка деген ыр формасынын алгачкы үч сабын элестетет. К. Танка. "Хокку" сөзү (яп. 発句, «башкы сап») деген маанини туюндурат. Эдо (XVII кылым)доорунда хокку өз алдынча поэзиянын жаңы ыкмасы катарында жашоосун жүргүзө баштаган. "Хайку" терминди акын жана адабий сынчы Масаока Сики XIX кылымдын акырында киргизген.


Хоккуга (хайку) мисал:


Эски көлмө.
Сууга секирди бака.
Тынчтыктагы чулпулоолор.


Бутактан бутакка
Акырын жүгүрөт тамчылар...
Жазгы жамгыр.

(Басё, которгон Р. Рыскулов)


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы /Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004.