Халед Хоссейни

Википедия дан
Халед Хоссейни (2007).

Халид Хоссейни (Парсча: خالد حسینی [xɒled hosejni]; / hɑːlɛd hoʊseɪni /; 1965-жылы 4-мартында туулган) - Ооганда туулган америкалык жазуучу жана дарыгер. Колледжди аяктаган соң, Калифорнияда дарыгер катары эмгектенген, эмгектенген кесибин акын өзү "сүйлөшүүнүн негизинде түзүлгөн үйлөнүү" деп атаган. Ал 3 романды жарыкка чыгарган, таанымал болгондорунун бири 2003-жылы чыккан "Кагаз батперектин артынан чуркаган бала" (The Kite Runner), чыгармада Ооганда болуп өткөн окуялар чагылдырлып, эң башкы каарманы Оогандык бала болгон. "Кагаз батперектин артынан чуркаган бала" аттуу чыгармасы ийгиликке жетишкен соң, убактын толугу менен жазуучулукка арноо үчүн дарыгерчилик менен коштошкон.

Хоссейни Афганистандын борбору болгон Кабул шаарында туулган. Атасы дипломат болуп эмгектенген, Хоссейни 11 жашында болгон мезгилде үй бүлөсү менен Францияга көчүшкөн. 4 жылдан кийин АКШга баш калкалоо үчүн барып, кийинчерээк ошол малкеттин жараны болуп калышкан. "Туулуп өскөн жеринде өзүн турист катары сезген" Хоссейни Афганистанга 36 жашында, 2001-жылы гана кайтып барган. Интервьюларында Советтик жана башка аскерлердин кол салуусу учурунда, өлкөсүнөн качып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу үчүн, кээ бир учурларда өзүн күнөөлү сезгендигин айткан.

3 романы тең бестселлер романдардан болушкан: "Кагаз батперектин артынан чуркаган бала" (2003-жылы) роман 101 жума катары "Нью Йорк Таймс" гезитинин бестселлер тизмесинен түшкөн эмес, алгачкы төрт жума ичинде алгачкы болгон. "Миң жаркыраган күндөр" (2007-жылы) Таймс гезитинин бестселлер тизмесинен 103 жума бою түшкөн эмес, 15 жума боюу биринчи орунду ээлеген. "Тоолордун жаңырыгы" (2013-жылы) алгачкы чыгарылышындаTаймс гезитинин тизмесинин чокусуна жакын жетип, 33 жума бою 2014-жылы январь айына чейин тизмеден түшкөн эмес.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]