Хантылар

Википедия дан

Хантылар (өздөрүн ханти, хандэ, кантэк, эскиче, остяк дешет) - угор тобундагы эл, Батыш Сибирдин түндүгүндө жашаган жергиликтүү калк. Россияда, Тюмень областында, Ханты-Манси жана Ямал-Ненец автономдук округтарында, Том областында, Казахстан, Украина, Белоруссияда да жашашат.

Жалпы саны 31500 киши (2010). Ханты жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери шаман, 16-кылымдан православие динин тутушат. Хантылардын ата-бабалары 1-миң жылдыктын аягында түндүктөн (Обь дарыянын төмөнкү бөлүгү) Ханты-Мансы жана Ямал-Ненец автономиялык округунун түштүк аймактарына жер которуп келип, аборигендер жана угор уруулары менен аралашкан. Хантылар үч этностук топко бөлүнөт: түндүк, түштүк (орустар жана татарлар менен аралашып кеткен) жана чыгыш. Хантылар негизинен балык жана аң уулоо, ошондой эле бугу чарбаларында эмгектенишет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4