Хаусалар

Википедия дан

Хаусалар - Түндүк Нигериянын калкы.

Ошондой эле Камерун, Нигер, Чад, Борбордук Африка Республикасында да жашашат. Саны 30-35 млн киши (2001). Хауса тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери ислам (сунниттер) динин тутушат. Нигер-конго, нил-сахара, афразия тилдеринде сүйлөгөн Сахара жана Батыш Африканын этностук топтору узак убакыт аралашуусунун негизинде Хаусалар этносу түзүлгөн. Алар адарава, арава, гобирава ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Орто кылымда Хаусаленд аймагында Кано, Зария, Замфара, Кадуна, Даура ж. б. шаар-мамлекеттер пайда болуп, 15-19-кылымда гүлдөгөн. 19-кылымда Хаусаленд аймагын Усманом дан Фодио башында турган фульбелер басып алып, Сокото халифтигин негиздеген. Негизги кесиби - дыйканчылык, мал чарбачылык, кол өнөрчүлүк жана соодачылык. Салттуу кийими - эркектери жеңдүү, кенен узун көйнөк, шаровар, аялдары материал оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, балык жана өсүмдүк азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4