Хелицералуулар

Википедия дан
Хелицердүүлөр‎»‎ барагынан багытталды)
Nymphon hispidum.

Хелицералуулар (лат. Chelicerata) - омурткасыздардын муунак буттуулар тибинин типчеси. Уз. 0,05 ммден 1,8 ммге чейин (казылып алынгандары) жетет.

Башы менен 6 сегменттүү көкүрөгү биригип, баш-көкүрөк бөлүгүн түзөт. Курсагы 12 сегменттен турат. Баш-көкүрөгүндө 6 жуп буту (хелицералары) - оозунун алды жагында, арт жагында педипальдтар (тинтүүрлөрү) жана 4 жуп басып жүрүүчү буттары бар. Курсагында түрүн өзгөрткөн буттары (бакалоор, өпкө, ж. б.) болот. 2 классы (меростомалар, жөргөмүш сымалдар), 54 миң азыркы жана бир нече мин казылып алынган түрү белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4