Хименко Андрей Максимович

Википедия дан

Хименко Андрей Максимович (7. 12. 1915, Россия империясы, Омск губерниясы, Атбасар уезди, Елизаветовка кыш. (азыркы Казакстан, Ак-Кайын району) - 6. 10. 1944, Магнушевск плацдармы, Подосье кыш. (азыркы Польша)) - Советтик Союз. баатыры (1945).

1927-ж. Фрунзе шаарына көчүп келип, 1941-ж. чейин «Союзпечать» агенттигинде иштеген. 1941-ж. Кызыл Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушга (194145) Түндүк-Батыш, Түштүк-Батыш, З-Украина, 1-Беларус фронтторунда салгылашкан. 1944-ж. 2-августта Осембор кыштагына (Польша) жакын жердеги фашисттердин гарнизонуна карата чабуулда ротага командачылык кылган жана жеке өзү душмандын ондон ашык солдаты менен офицерин жок кылган. Анын ысмы Петропавловск шаарынын көчөлөрүнүн бирине берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4