Хосейин Бехзад

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Хосейин Бехзад (1894, Тегеран, Персия13-октябрь 1968, Тегеран, Персия) — Ирандык таланттуу сүрөтчүсү. Ал бир канча жыл археологиялык ишкананын жалпы технологиялык бөлүмүндө жана Тегеран шаарындагы көркөм өнөр искусствосу академиясында миниатюра боюнча устат болгон. Андан тышкары Тегеран шаарындагы Хосейин Бехзад жашаган көчөнүн аты Хосейин Бехзад атындагы көчө деп аталган, бирок Ислам революциясынан кийин ал көчөнүн аты Шахи Нуфулах атындагы көчө деп өзгөртүлгөн. Ал эми ал жашаган үй анын насааты менен Сүрөтчүлөр окуу борборуна айланган.

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Хосейин Бехзаддын чоң атасы Мирза Лотфаллах Шираз шаарынын диний кызматчыларынан болгон. Ал эми анын атасы Мирза Фазлаллах Исфахан шаарында жарык дүйнөгө келген жана Исфахан менен Ширазда живопись жара акварель өнөрчүлүгү менен эмгектенген. Бехзад төрөлгөндө анын ата энесинин үйлөнгөндөрүнө 22 жыл болгон. Бехзад бир нече ай “Шариф Музафар” медресесинде билим алган, бирок андан бир топ өтпөй, аны таштап атасынын айткан кеңеши менен Мулла Алинин окуучусу болгон. Ал 7 жашында атасы менен устатынан холера оорусунун айынан ажырап калган. Атасы каза болгон соң Бехзад апасы жана карындашы менен жашоо турмуштун арабасын тарткан. Анын апасы күйөөсү каза болгон соң башканын этегин кармап, жаңы турмуш куруп кеткен. Ошентип Бехзаддын боз улан кези жалгыздыкта өткөн. Анын Мулла Алиде ийгиликке жетейин деп калган окуусу жана таланты анын катуу ооруп калгандыгына байланыштуу (оорусу абдан оор болгондуктан жаныдагылар анын жашап кетеээринен үмүт үзүп койгон маалда) апасынын үйүнө барып жашоого муктаж болот, бирок, ал маалда эч кандай киреше тапканга даарманы келбей калган. Ошентип анын устаты Мулла Али дүйнө салган соң, ал устатынын биринчи окуучулары болгон Мирза Хасан Пейкар Негарга барып, анын кол алдында окуп иштеп баштайт жана ал жакта 12 жыл иштеп, тамак-аш, күнүмдүк жашоосун өткөрөт. Ал сүрөт тартууга абдан ышкыбозу артып, сүрөт тартуу жөнүндө төмөндөгүдөй деген: “Кандайдыр бир алп күч мени сүрөт тартууга азгырып, колума калем алганымда өзүмдүн каным катып суусап турган маалда мөлтүрөгөн мөлтүр булакка жеткендей сезчүмүн. Сүрөт тартуу менин дүйнөм болчу”. Жаш сүрөтчүнүн талантын байкаган Фатух аль Султан, аны өз үйүнө алып барып оорусунан айыктырган. Ошол маалда Бехзад Низаминин колго жазылган “Низаминин беш кенчи” аттуу китебин бир жылдын ичинде көздүн жоосун алган ажайып кооз миниатюра түрүндө иллюстрациялап тартып чыккан. Фатух аль Султан Бехзадга китебин тартып бүткөн соң, аны Европага алып барып сатууну сунуштайт. Ошентип, 18 жаштагы Хосейин Бехзад Жашыл аянтчанын жанынан Хажи Рахимхандын караван сарайынын жанында жайгашкан ишканасында, өзүнүн миниатюра сүрөтүн өркүндөтүү максатында бурч ачат. Анын өнөрү элге бат таанылып, иши жазда гүлдөгөн гүлдөрдөй өнүгүп өркүндөй баштайт. Ал өзгөчө таланттуу болгон жана байыркы миниатюраларды куюп койгондой кылып көчүрүп тартуу жөндөмү ирандык жана европалык алып сатарлардын көзүн кызартып, кызыгууларын күчөткөн. Ал Сефевид дооруна таандык Кемаль аль дин Бехзаддын, Реза Аббасинин миниатюраларынын баардыгын дал өзүндөй кылып тарткан. Ошол маалда Бехзад аскер кызматын өтөө чакыруу барагын алат жана аскер өтөөнүн аягына чыкпай, кайра тартат. Бехзад 24 жашка чыкканда өзү жашап жаткан үйдүн кожоюнунун кызы Сакинага үйлөнөт. Алар 49 жыл бактылүү өмүр сүрүп, Парвиз аттуу уулду болушкан. Кийинчерээк Бехзад Фотух аль Султандын Европа менен Парижге барып эски эмгеги “Низаминин беш кенжи” китебин 8000 лирге бир музейге сатканын угат. Фотух аль Султан Иранга кийтып келген соң өз маңдай акысын алүү үчүн, аны менен жолугууга мүмкунчүлүгү болбой жүргөн маалда Фотух аль Султан жүрөк оорусу кармап мезгилсиз дүйнөдөн кайтат. Ал маалда Бехзад бир нече адам менен иштешип аткан. Ал Садр аль Мамалектин китебин иллюстрациялаган, жада калса Монакодогу шахзада Арфа Даулага да бир нече миниатюралык иллюстрация жараткан. Эл арасында миниатюрага болгон кызыкчылык өсүп тапшырыктар биринин артынан бири жаап турган, алар Бехзаддын тарткандарын чет мамлекеттерге алып барып абдан кымбат баада сатышкан. Ал маалда Бехзад атак даңка ээ болуп, кадыр барк күтүп калган. Ал эми кээ бир адамдар Бехзаддын миниатюраларынын көчүрмөлөрүн көбөйтүп анын кол жазмасы менен сатып пайда көрүшкөн. 1935-жылы Француз археологу Луис Рабино Бехзадды өзү менен кошо Францияга ээрчитип кетип, аны жумушка орноштурган. Ошол маалда еврей көөнө буюмдарды (антиквариат) саткан соодагерлер байма бай ага барып турушкан жана аны чогу иштешүүгө чакырып турушкан. Алар Бехзаддын эмгектерин абдан эски көөнө буюм (антиквариат) катары сатып турушкан. Бехзад Францияда 13 ай болгон жана ушул убакыт аралыгында Лувр, Жемма жана Версаль музейлерине барып, Ирандын жана чыгыштын байыркы миниатюраларын изилдеген. Ал 13 ай убакыттын ичин төмөндөгүдөй деген: “Мен бул саякатта абдан өнүктүм жана өзүмдү өзүм жакшылап билдим жана ошондон бери менин манжаларым шыктанып, жаңы таң атып келаткандагы таң заардай сезим пайда болду”, дагы бир жерде “Менин Иран жана чет мамлекеттердеги тартылган сүрөттөрдү изилдегендеги изилдөөлөрүмдүн себеби жаңы изденүүдө Ирандын салтына жана көркөм өнөрчүлүгүнө дал келе турган жаңы стилде жаңылануу эле”. Бехзад Иранда жүргөнүндө ар кандай адамдарга иштеген. Кийинчерээк Экинчи дүйнөлүк согуш башталган жана Тегеран шаарындагы Бехзаддын союздаштары анын эмгектерин байма бай сатып алып турушкан. Ошол маалдан баштап, Бехзад акырындык менен соодагерликти таштап, өзүнө жагып, бай жан дүйнөсүнүн талантын ажайып миниатюраларды-сүрөт жүзүндө жаратып баштаган. Фирдоуси, Фатх Бабел, Эйван Мадаин (Таки-Кисра), Хафиз кадыр түнү сүрөттөрүнүн баарын анын ажайып эмгектери. Бехзат Фирдоуси эпосундагы сүрөттөргө толугу менен эки жыл убакыт бөлгөн. Андан тышкары Олимпиада майрамына да эки ажайып кооз сүрөт тарткан жана алардын бири “Чуганбази” ал эми экинчиси “Ак дивдин Рустамдын колунан ажал табышы” деп аталган. Шах Мухаммад Реза аталган сүрөттөрү үчүн Бехзадга сый диплом тартуулаган. Бехзад Иранда жана чет мамлекеттерде 17ден ашуун көргөзмө уюштуруп, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 1958-жылы май айында Улуттук консультативдик ассамблеясы Хосейин Бехзадга түбөлүк пенсия чектөө чечимин кабыл алган. 1868-жылы Хосейин Бехзаддын абалы начарлап Маданият министрлиги тарабынан эки жолу Европага даарылануу үчүн жиберилген. Ошентип, Хосейин Бехзад 1968-жылы 13-октябрда 74 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Бехзад жана анын замандаш достору. Мухаммад Таги Малек-Ашоара Бахар көөнөрбөс таланттуу сүрөтчү Бехзадга арнап ыр чыгарган. Ал ырдын алгачкы төрт сабы төмөндө келтирилди: Өнөрлөрдүн өзөгү бейм Бехзад устат Ажайып сүрөт тарткан Бехзад устат Хосейин Радкаш Бехзад аты Кемаль-аддин Бехзаддын алды Эгер ал биринчи болсо, бул алгачкы Эгер ал Кемаль болсо, ал Акмаль Түстөрү сүрөттөрдүн ажайып, Күн аптабы өз замандын жарыгы. Бехзаддын инисинин айтымында Бехзад менен Мирзаде Эшгинин мамилеси абдан жылуу, экөөнүн ортосунда өзгөчө достук сүйүү бар болгон. Так ошол сүйүү Бехзаддын сүрөтканасынан чыкпай байма бай барып туруусуна себеп болгон. “Алар ой-толгоо, жашоого болгон көз караштары жана башка көптөгөн жактарда бири бирине абдан окшош жана жакын болушкан”. Инисинин айтымында Бехзад, досу Мирзаде Эшгинин өлүмүнө абдан кайгырган. Ага келип кеткендердин саны абдан көп болгондуктан, Бехзад кийинки жылдары Мирзаде Эшгинин күмбөзүнө жакын жерде, анын Түштүк-Батыш тарабынан күмбөздүк жер сатып алып өзүнүн көөнөрбөс өнөрпозчулук талантынын табити менен аны курууга буйруган. Бул күмбөздү куруу болжол менен 1955-жылы Нуфалаг көчөсүндө жашаган үйүн сатып алуу менен бир заманда бүткөн. Белгилүү француз жазуучусу жана өнөрпозчусу Бехзад жөнүндө төмөндөгүдөй ой калтырган: “Бехзад чыгыш жергесинин дастандарынын сыйкырдуу падышасы. Эгер чыгыш жергеси Миң бир түн жомокторун Алтын сарайлар, абдан сулуу кызматчылар менен элдин көңүлүн өзүнө бурса, чачтары ак баскан, өткүр көздүү адам түркүн түстөрү менен аталган жомокторго карата тарткан сүрөттөрү менен суктандырган. Биздин кылымдагы миниатюралардын Хосейин Бехзад аттуу абдан улуу, касиеттүү ирандык өнөрпоз устаты бар.

Хосейин Бехзаддын сүрөт тартуу стилинин өзгөчөлүктөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Байыркы заманда абдан таанымал миниатюра сүрөт тартуу стили Монгол стили болгон жана ал стилде жада калса монголдордун каада-салты, үрп-адаттары чагылдырылып турган, бирок бири бирине окшош сүрөттөр кызыксыз болгон. Хосейин Бехзад аталган стилди өзгөртүп, иран миниатюрасынын стилин киргизген. Бул жолу ал төмөндөгүдөй деген: “Менин максатым иран жан чет мамлекеттердин сүрөттөрүнүн стилдерин жүргүзгөн изилдөөлөрүм, ирандыктарга таандык боло турган жаңы бир өзгөчө стиль таап чыгуу, аларды бүгүнкү күндөгү сүрөт өнөрү менен салыштыруу болгон. Миниатюра тартуу методунда акырындык менен калпычылык, жаман мамиле жоголуп бара жатат, мен иран улуттук өнөрү унутулбай, түбөлүк калгыдай стиль түзүүгө аракет кылдым”. Бехзад өмүрүндө 400 эмгек жараткан жана миниатюра тартуудагы көптөгөн жат жана туура эмес жагдайларды жок кылууга аракет кылган. Анын эмгектеринде адамзаттын руханий дүйнөсүн байкоого болот. Эски сүрөт өнөрүндө көлөкө тартуу жок болгон, ал эми Бехзад миниатюра сүрөт өнөрүнүн ичине көлөкө түшүрүүнү киргизип, ажайып кооз миниатюраларды тартуулаган. Байыртадан миниатюралардын көбү белгилүү китептердин өлчөмү менен тартылса, алардын өлчөмдөрү да кичине болгон, бирок Бехзад андагы миниатюралардын өлчөмүн чоңойткон. Андан тышкары байыркы миниатюралар ар кандай адамдарга жык толо тартылса Бехзад алардын санын азайткан. Ал Сефевид доорунан кийинки эле миниатюра өнөрүндөгү эң алгачкы ойлоп табуучу миниатюрист болгон деп айтылат жана бул өнөрчүлүк Кажарлар заманындагы орус сүрөттөрүнөн тапкан өзгөчөлүктөр Иран сүрөт өнөрү тарапка кайтып келип өнүккөн. Анын өзүнүн сүрөт тартуу өнөрүндө өзгөчө стилди алып чыгууда жеңишке жетишпей турганына кооптонсо да, көптөгөн эл анын жеңишке жетээрине ишенишкен, бирок ала тарабынан миниатюра өнөрүндө келтирилген жаңы нерселер менен өзгөчөлүктөр көптөгөн сүрөтчүлөргө зор таасир берген.

  • Бул өзгөчөлүктөр төмонкүлөрдөн турат:
  • Монгол сөлөкөттөрүн толугу менен иран сөлөкөттөрүнө айлантуу;
  • Эмгектеги негизги өзөктү бузбай тургандай кылып анатомиянын принциптерин сактоо;
  • Визуалдуу түрдө ландшафттарды табиятты тартуу мыйзамын сактоо;
  • Сүрөт тартууда көптөгөн баш аламандыкты жана жыштыкты азайтуу;
  • Сүрөттөгү адамдардын руханий жана ички дүйнөсүн чагылдыра билүү, аларды элге жеткизе билүү;
  • Чектелген боектор менен гана тартуу же эмгектеги боекторду бөлүктөргө бөлө билүү;

Сыйлыктары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1942-жылы Хельсинскиде (Финляндия) өткөн Он бешинчи сүрөтчүлөр олимпиадасында Эң мыкты сүрөтчү сыйлыгына ээ болгон.
  • 1953-жылы Байыркы иран музейи тарабынан Абу Али ибн Синанын элесине карата уюштурулган мааракеде Бехзад сүрөттөрүнүн көргөзмөсү үчүн “Абу Али ибн Сина” медалына ээ болгон.
  • Мамлекттин көркөм өнөр уюму тарабынан Биринчи даражадагы медалы берилген.
  • Мамлекеттин маданият министри тарабынан Биринчи даражадагы медаль берилген.
  • 1958-жылы Бельгия эл аралык жарманкесинин ардак диплому берилген.
  • 1958-жылы Америкада Эл аралык сүрөт көргөзмөсү таймашында Биринчи даражадагы медаль ыйгарылган.
  • 1968-жылы Сүрөт көркөм өнөр чыгармачылыгынын устаты сыйлыгы Сүрөт көркөм өнөр академиясынын устаттары тарабынан берилген.
  • Иран маданий мурастар уюму 1952-жылы Хосейин Бехзаддын эмгектери коюлган дайымкы көргөзмө уюштуруу чечимин кабыл алган. Ошондуктан Садат Абад хансарайынын комплекстеринин биринде жайгашкан Карбаси хан сарайында Бехзаддын эмгектери көргөзмөгө коюлуп, Хосейин Бехзаддын уулу Парвиз Бехзад менен түзүлгөн келишимдин негизинде, уулу тарабынан ачылган музейге улуу көөнөрбөс сүрөтчүнүн 289 эмгеги берилген. Карбаси хансарайы Кажар дооруна таандык жана Шах Резанын заманында шахтын ишмердүүлүк жүргүзүп, эс алуучу жайы болгон жана андан соң “Шахтардын таажылуу хан сарайы” катары Реза Пехлевинин резиденциясы болгон. Бул музей 2012-жылы Эл аралык музейлер совети (ИКОМ) тарабынан “Жашоо үчүн күрөш” бөлүмүндө үлгү катары таанылып, сыйлыкка ээ болгон. Хосейин Бехзад устаттын музейи өзүнө 5 залды камтып, анда көөнөрбөс таланттуу сүрөтчүнүн ар кандай темалардагы стилистикалык оюу чиймелери, түркүн түстөгү сүрөттөрү көргөзмөгө коюлган. Бул залдар төмөнкүлөрдөн турат:
  • 1 зал – (Перс живописи мектептеринин стилинде тартылган эмгектери): Бул залда Хосейин Бехзаддын Сефевид дооруна жана Тимуриддер доорунун акырына арналып, Чогханбази, Ширин жана Фархад Кукан, Хаким Омара Хайям сабактары сыяктуу сүрөт эмгектери коюлган.
  • 2 зал – (Иран жазуучу акындарынын ырларынан чыгармачылык илхом алган эмгектери). Бул залда коюлган эмгектеринде Хосейин Бехзад Омар Хайям, Хафез жана Мулана сыяктуу акындардын ырларынан чыгармачылык эргүү, илхом алган эмгектери көргөзмөгө коюлган.
  • 3 зал – (Маданияттагы белгилүү чыгармалар, эмгектер): Кыргбазан, Рамал, Агд-конан, Сага, Чупан Нейнаваз сыяктуу сүрөттөрдү өзүнө камтыйт.
  • 4 зал – (Белилүү инсандарга арналган перс жипописи): Хафиз, Саади, Хайям, Руми, Закария Рази, Мулана жана башка белгилүү даанышмандардын сүрөттөрүн чагылдырган.
  • 5 зал – (Сүрөттөр) бул бөлүмдө ар түркүн калыпта жайгашкан ар кандай инсандардын сүрөттөрү, айбанаттардын жана көргөзмөлөрдүн сүрөттөрү көргөзмөгө коюлган.

Хосейин Бехзаддын кээ бир эмгектеринин аттары:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Баш катыруу,
  • Авицена бейтабынын жанында (2 түрдүү сүрөт),
  • Түбөлүк сыр,
  • Жаратылуу Хайямдын ой толгоосунда,
  • Абу Али ибн Синанын ой-толгоолору,
  • Иван Мадаин,
  • Жаз жана жаштык,
  • Бахрам жана Гладам,
  • Бейиш жана тозок,
  • Шираз Хафизи,
  • Бозой,
  • Хосроу жана Парвиз,
  • Жакшы түш,
  • Кыял,
  • Хайям,
  • Күлгүн кыз (эки түрдүү сүрөт),
  • Инсадын изденүүсү ( жарым сүрөт),
  • Эки ашык,
  • Рудаки,
  • Хафиз түнү,
  • Кара алтын ээлери,
  • Шам Табризинин портрети,
  • Жылмайуу,
  • Багынбоо,
  • Фатх Бабел,
  • Фирдоуси жана Шахнамедеги баатырлар,
  • Наздануу,
  • Рустамдын ак дивди өлтүрүүсү,
  • Муса жана Шабан,
  • Мулана Жалал ад дин Руми,
  • Ачкачылык,
  • Кавенин көтөрүлүшү,
  • Көз караш,

Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]

http://www.caroun.com/Painting/IranPainting/Behzad/HBehzad.html https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%AD%D8%B3%DB%8C%D9%86_%D8%A8%D9%87%D8%B2%D8%A7%D8%AF [Маданият, живопись, миниатюра]