Худайберди Халлы

Википедия дан
Худайберди Халлы (түркмөнчө: Hudaýberdi Hally), Түркмөнстан элинин жазуучусу, журналисти жана коомдук ишмери. Праганын батышындагы Йенеч (Jeneč) шаарчасы. 27.9.2009. Т.Ч.

Худайберди Халлы (мурдагы советтик доордогу тегаты – Халлыев; кыргызча айрым адабиятта: Кудайберди Каллы; латын графикасында түркмөн тилинде - Hudaýberdi Hally) – заманбап түркмөн жазуучусу, публицист, журналист, котормочу, коомдук ишмер, диссидент. 20-кылымдын соңундагы жана 21-кылымдын башындагы түркмөн адабиятынын көрүнүктүү өкүлү. Түркмөн тилинде жазат. Чыгармалары, макалалары жана маектери эне тилинен тышкары орус, англис, чех, кыргыз жана башка тилдерде жарык көргөн.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Худайберди Халлы 1947-жылы 17-апрелде СССРдин курамындагы советтик Түркмөнстанда туулган.

Түркмөн мамлекеттик университетинин түркмөн филологиясы факультетин аяктаган.

1970-жылдарда “Адабият жана көркөм өнөр” (“Эдебийат ве сунгат”) гезитине анын туңгуч аңгемеси (”Bir apbasydan”) жарык көрүп, чыгармачыл тушоосу кесилген. Андан соң анын чыгармалары басма сөздө арбын жарыялана баштайт.

Жазуучу “Совет адабияты” журналында да эмгектенди. Бир катар жылдар СССРдин борбору Маскөө (Москва) шаарында жашады.

М.С.Горбачев жарыялаган “Кайра куруулар” доорунда Худайберди Халлы Түркмөнстандагы демократиячыл маанайдагы саясий иш-чараларга жигердүү катышат.

1989-жылы сентябрда “Ынтымак” Демократиялык элдик майдан (“Агзыбирлик” / ”Agzybirlik” Demokratik Halk Hereketi) деп аталган бейрасмий демократиячыл уюмду түзүүгө катышып, анын жетекчилеринен болгон. Бул уюм Түркмөнстанда жумурияттын Компартиясынын жетекчиси Сапармурат Ниязов жарыялаган кош тил саясатынан баш тартып, жалгыз гана түркмөн тилинt мамлекеттик тил макамын берүү талабын койгон. (1989-жылы 23-сентябрда Борбордук Азиядагы башка бир жумуриятта – Кыргызстанда кыргыз тили гана мамлекеттик тил макамын алган жаңы мыйзам кабыл алынган болчу).

Пост-советтик Түркмөнстандын алгачкы жылдары Худайберди Халлы өлкөдөгү демократиячыл күчтөрдүн ишмердигине жигердүү катышуусун улантты. Өлкө башчысы Сапармурат Ниязовду (“Түркмөнбашыны”) авторитардык башкаруу ыкмасы үчүн сынга алуусун эч токтоткон жок.

1995-жылы анын оппозициячыл маанайдагы ишмердигине нааразы болгон ошол кездеги Түркмөнстандын диктатору Сапармурат Ниязов эркин жазуучуну жана коомдук ишмерди камоого буйрук берет.

Эл аралык коомчулуктун талабы менен Худайберди Халлыев боштондукка чыгат, бирок өз атажуртун таштап кетүүгө мажбур болот.

Ал оболу Маскөө шаарына келип, андан соң Прага шаарына келет.

1996-жылдан азыркы тапка чейин ал Чехияда бозгундук өмүр сүрүп, байырлоодо.

Куугунтуктар жана ар кыл кысымдар анын эркин эч майтарбады. Ал көркөм жана публицисттик чыгармалары аркылуу пост-советтик Түркмөнстанда демократиялык реформалар жүргүзүү чакырыгын билдирип келет.

2009-жылы августта ал Кыргызстанда (Бишкек шаарында, Ысык-Көл, Нарын аймактарында) сапарда болуп, кыргыз жазуучулары, коомдук ишмерлери, саясатчылары жана карапайым атуулдар менен жолугуп кайтты.

2013-жылы жазында Худайберди Халлы он чакты күнгө Ашгабат (Ашыгабат) шаарына барууга Түркмөнстандын расмий бийлигинен уруксат алды. Бирок түркмөн бийликтери жазуучуга өз кичи журтуна – туулуп-өскөн кыштагына барууга эч уруксат берген жок. Ордо шаардагы жазуучу кезген жерлердин бардыгында тыңчылар аны ээрчип жүрүштү.

Худайберди Халлынын котормочулук иш-аракети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Худайберди Халлы дүйнөнүн бир катар адабий берметтери тууралуу түркмөн тилинде макалалар жазып келет.

Андан тышкары ал котормо жаатында да салым кошту.

Маселен, 2002-2005-жылдары ал «Тоорат» китебин түркмөн тилине которууга да салымын кошкон.

Худайберди Халлынын ар кыл пикирлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Публицист Худайберди Халлыев дүйнөнүн чыгаан жазуучулары жана коомдук ишмерлери тууралуу ар тараптуу маалымат менен түркмөн элин ырааттуу тааныштырып келет.

Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун прогрессивдүү идеяларын түркмөн калайыгына кеңири жайылтууда Худайберди Халлы тийешелүү салым кошуп келди.

Анын Чыңгыз Айтматов тууралуу пикири:

“Кандай гана керемет инсан жана жазуучу! Ал өмүр сүрдү, күрөш жүргүздү, жаратып жатты. Эми мен бир гана нерсеге өкүнөм: анын бейитине “залкар кыргыз жазуучусу” деп жазып коюшту. Бирок Чыңгыз – жалпы бардыгыбызга таандык калемгер. Эгерде ал болбосо, анда түркмөн прозасы азыркы бийиктикке эч жете албас эле”.

Казак эл жазуучусу Мухтар Магауин тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казакстандын эл жазуучусу, орто кылымдардагы казак фольклордук мурасынын жана тарыхынын изилдөөчүсү, публицист Мухтар Магауин. Прага шаары, Чехия. 2008-жылдын 31-августу.

Худайберди жакындан тааныш жазуучу Мухтар Магауин казак адабиятында, казак гана эмес Орто Азия калктарынын адабиятында, балким, түркий калктардын адабиятында өз аты, өз ысымы бар чоң сүрөткер. “Магауиндин чыгармалары казактар менен катар түркмөндөр үчүн да баалуу”, - дейт түркмөн жазуучусу Кудайберди Халыев:

“Мухтар агай кең талаада жашаган элдин турумушун, кулк-мүнөзүн сүрөттөп, элибиздин тарыхын чагылдырып жүрөт. Тарыхыбыздын айрым барактарынан көпкө чейин дээрлик беймаалым болуп келдик. Мисалы, 1930-жылдардагы ачарчылык жөнүндө көп айтылчу эмес. Совет өкмөтү элдин мал жандыктарын тартып алуу жарянын баштап, көптөгөн казактар, түркмөндөр кырылган. Биз ошол ачарчылык жөнүндө Мухтар Магауиндин китептеринен билдик. Ага чейин антип жазышчу эмес”.

Үй-бүлөсү жана замандаштары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Худайберди менен өмүрдүк жубайы Огулсапа совет доорунда баш кошушкан. Огулсапа айымдын кесиби – дарыгер. Алардын үч кызы (Айна, Гүзел, Акнур) бар. Үчөө тең жогорку билимдүү.

Кыздарынын туну Айна менен анын жолдошу Сергей Данилочкиндин бир кыз, бир уулу бар. Айна түркмөн, орус, түрк, фарсы, чех, англис тилдерин билет.

Гүзел менен Акнур түркмөн, орус, чех, англис тилдерин билишет.

Учурда алардын бардыгы Чехияда жашашат.

Худайберди Чехияда байырлаган түркмөн, чех, словак, орус, казак, кыргыз жана башка улуттардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта.

Алардын арасында – казак жазуучусу Мухтар Магауин, кыргыз журналисттери Амирбек Азам уулу, Венера Сагындык кызы, Жаңыл Жусубжан, Гүлайым Ашакеева, Улан Алымкул уулу ж.б. бар.

Чыгармалары жана жыйнактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Худайберди Халлы ондон ашуун ар кыл китептин автору. Анын түркмөнчө жана орусча жазылган чыгармалары бир катар тилдерге которулган.

Ал кыргыздар жана Кыргызстандыктар тууралуу ой-толгоолор камтылган эссени да 2013-жылы жайында жазып бүттү.

  • Халлы, Худайберди; Чоротегин, Тынчтыкбек. Өмүр – аккан суу: Нургүл Эсенкул кызы Дыйканалиеванын элесине арналат: Эссе, макалалар, эскерүүлөр, термелер / Жооптуу редактор, баш сөз жазган, эскерүүлөр топтомун, тиркемени, сүрөттөрдү даярдаган жана түркмөнчө тексттен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 204, XII б., сүрөттөр. - ISBN 978-9967-02-932-3.
  • Hudaýberdi Hally, “Trojuchý člověk”. Brno: Host, 2004. - Počet stran 90, brož. - ISBN 80-7294-125-9. Rok vydání 2004. [přeložili z turkmenštiny Aina, Gozel a Aknur Hallyjevy a Tomáš Reichel].

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Эл аралык «Азамат Алтай» кайрымдуулук корунун Азамат Алтай медалы (2013-жылдын июну), Бишкек, Кыргызстан.

Интернеттеги өз эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги ар кыл шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]