Хыргыс үүр

Википедия дан

Хыргыс үүр – кыргыз көрүстөндөрү. Моңгол тилдүү элдер (буряттар, халха-моңголдор, барга-моңголдор, калмактар) азыркы Моңголиянын (Түндүк-Батышы) жана Жуңгариянын аймактарындагы байыркы жана орто кылымдарга таандык көрүстөндөрдү (хиргисүүр, хиргис үүр) ушундайча аташкан. Археологияда Саян-Алтай (түштүк Сибирь) жана Борбордук Азиядагы 6–12-кылымга таандык дөбө-мүрзөлөрдүн бир түрү «кыргыз көрүстөндөрү» деп аталат. Мындай көрүстөндөргө адамдын сөөктөрү өрттөлүп, күлү коюлган. Бейитке балбал тургузулуп, ага тамга жана жоктоо сөздөрү (кошок) чегилген. Бул маалыматтар орто жана жаңы доорлордогу кыргыздардын саясий үстөмдүгүн чагылдырат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.