Хэлли Берри

Wikipedia дан

Хэлли Мария Берри (англ. Halle Berry;туулгандагы аты Мария Холли Берри; 1966-жылдын 14-августунда туулган) - америкалык актриса. Анын "Желмогуздар майрамы" (англ. Monster's Ball, 2001) тасмасындагы оюну жогору бааланып, 2002-жылы "Эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган. 2017-жылга карата Х. Берри "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясы уткан жалгыз "африка" тектүү актриса болуп саналат.

Х. Берри 2000-жылдарда Голливуддагы эң кирешелүү актрисалардын катарын толуктап турчу жана көптөгөн тасмаларда тартылган. Ал Revlon компаниясынын жүзү катары, продукцияларын жарнамалап келет. Актриса болгонго чейин ал модель эле , бир нече сулуулук конкурстарына катышып "АКШ сулуусу" конкурсунда вице- мисс болгон. Ал эми 1986-жылы болуп өткөн "Дүйнө сулуусу" конкурсунда 6-орунду багындырган. Анын жылдызы жанган ролу Эдди Мерфи менен бирге тартылган "Кайтар дүнүйө" (Boomerang, 1992) тасмасына таандык. Андан кийин актриса "Флинтстоу үй-бүлөсү" (англ. The Flintstones, 1994), "Булворт" (англ. Bulworth, 1998) тасмаларында ойногон. "Бул Дороти Денриж" (англ. Introducing Dorothy Dandridge, 1999) тасмасындагы ролу үчүн "Эмми" сыйлыгын жана "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын алган жана башка сыйлыктарга ээ болгон.

Х. Берри "Оскар" сыйлыгына татыктуу фильмден кийин 2000-жылдарда "Шторм (Толкун)" (англ. Storm), "Сыр сөз-балык кылыч" (англ. Swordfish, 2001), тасмаларында катышкан, "Башка күнү өл" (англ. Die Another Day, 2002) тасмасында агент Жисинта "жинкс" Жонсондун ролун аткарган. Актриса андан кийин "Белгисиз адамдар 2" (англ. X-Men 2, 2003) жана "Белгисиз адамдар: акыркы согуш" (англ. X-Men: The Last Stand, 2006) тасмаларына тартылган. 2010 -жылы Х. Белли "Булуттуу атлас" (англ. Cloud Atlas (2012), "Чакырык" (англ. The Call, 2013)"Белгисиз адамдар: келечектин өткөн күндөрү" (англ. X-Men: Days of Future Past, 2014) тасмаларында эмгектенген.

Актриса бейсболчу Дэвид Жастиске жана ырчы Эрик Бенеге турмушка чыгып, ажырышкан. Х. Берринин Габриэль Обриден кызы бар жана Оливье Мартинестен уулу бар.

Өмүр таржымалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жеке жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]

Тартылган тасмалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]