Цисталгия

Википедия дан

Цисталгия — тез-тез заара ушатуу менен табарсык, чаткаяк туштун оорушу.
Цисталгия негизинен 30—40 жаш чамасындагы аялдарда кезигет. Цистит заара анализинин өзгөрүшү менен аныкталса, цисталгияда зааранын анализи өзгөрбөйт. Атайын аспап (цистоскоп) менен табарсыктын ичин караганда аныкталат. Жатындын, энелик бездин, жатын түтүгүнүн сезгениши 30—40% циститке же цисталгияга алып келет. Ошондой эле цисталгиянын пайда болушуна нерв жана эндокрин системасынын бузулушу түрткү болот. Тез-тез заара ушатуу күндүзү көбүрөөк байкалат, табарсык толук бошобогондой, заара калгандай сезилет, кайрадан заара ушаткысы келет. Кош бойлуу, климакс, этек кир учурунда көбүрөөк байкалат.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цисталгияны дарылоодо физиотерапия, атайын дарылоо гимнастикасы колдонулат. Дарылоо пайда болуу себебине жараша жүргүзүлөт.
Табарсык, заара жолунун ооруларын убагында дарылоо ооруну алдын алат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8