Цистит

Википедия дан

Цистит (грек тилинен иκύστις — көбүк) — табарсыктын сезгениши. Клиникалык практикада "цистит" терминин колдонуусу, сийдик инфекциясы табарсыктын ички былжырлуу чел кабыктын сезгенүүдө колдонулат, ошол эле учурда табарсыктын функиясын бузулуусуна алып келет. Цистит менен аялдар да жана эркектер да оорушат, бирок көбүнчө аял кишилер оорушат, эркек кишилерге салыштырмалуу (эркектер 8 эсе аз оорушат), анатомиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу. Аялдардын уретрасы(заара жолу) диаметри чонураак жана узундугу кыска болгонуна себептүү инфекция табарсыка кирүү ыктымалы көбүрөөк.
Инфекция жыныс органдары аркылуу заара жолуна кирип, табарсыкты сезгендирет. Табарсыктагы таш, шишик оорусу да циститке түрткү берет.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат. Кээде табарсыктын айрым ички бөлүгү сезгенсе, кээде ал толугу менен сезгенет. Циститте алгач былжыр чел кызарып, шишимик тартып, кан тамырлары көөп, кеңеет. Дарт создуга берсе, сезгенүү былжыр челден булчуң катмарына тарайт, айрым жерлери жараланып, ириңдүү кабыкчалар менен жабыла баштайт. Оору узакка созулуп, өнөкөткө өтсө, табарсыктын ичинде сезгенген шишиктер, эт катмарларында катууланган бөлүктөр пайда болуп, табарсыктын көлөмү кичирее баштайт. Циститте тез-тез заара ушатат, заара кылганда табарсык ачышып ооруйт. Табарсыктын ачышканы, ооруганы заара ушатып бүткөндө күчөйт, кээде заара менен кошо кан чыгып, дене ысыйт, оору табарсык туштан белге берилет, заара кан же ириң аралаш болушу да ыктымал.

Катуу кармаган цистит[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катуу кармаган цистит 7—10 күндөн кийин басаңдап, ачышканы азайып, оорулуунун жалпы абалы оңоло баштайт. Өнөкөт циститти негизги себебине жараша дарылоо зарыл. Цистит күз, жаз мезгилинде көп кездешип, суукка урунуу, буттун муздашы, жыныс органдарынын сезгениши өнөкөт дартка чалдыктырат. Өнөкөт циститте заараны кармай албай калган учурлар да болот.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо оорунун себебине карата жүргүзүлөт. Циститте ар кандай дары берилет, ошондой эле суюктукту көп ичүү, туздуу, өткүр тамак ичпөө зарыл. Жүгөрү чачыгын кайнатып, муздатып, ошондой эле минерал сууларын (Боржоми, Арашан, Нарзан) ичүү жакшы жардам берет. Табарсык тушка жылыткыч басып, заарада кан болбосо ысык ваннага 25— 30 мин. отурса да болот. Санаторий-курортто дарылануу сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8