Виктор Цой

Википедия дан
Цой, Виктор Робертович‎»‎ барагынан багытталды)
Виктор Цой

Виктор Цой 1986-жылы
(сүрөт Игор Мухиндикинде)
Негизги маалымат
Толук ысымы

Виктор Робертович Цой

Туулган датасы

21 -июнь 1962(1962-06-21)

Туулган жери

Ленинград , РСФСР, СССР

Өлгөн датасы

15 -август 1990(1990-08-15) (28 жаш)

Өлгөн жери

Латвия, СлокаТалси шоссесинин 35-километри.

Өлкө

 ССРС

Кесиптери

Акын, Ырчы, Гитарист, Композитор, Актёр, кочегар, сүрөтчү

Жанрлары

рок-музыка, жаңы толкун, панк-рок, пост-панк

Активдүү жылдары

1978 — 1990

Жамааты
Кызматташтык

Юрий Айзеншпис

Лейблдар

АнТроп, Мелодия

Автографы

[[Файл:Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 33: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).|80px}}]]

Ви́ктор Ро́бертович Цой (21-июнь 1962, Ленинград — 15-август 1990, Слока — Талси 35-км шоссеси, Кестерциемс айылынан 2,5  километр, Латвия) — советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү. «Кино» рок-группасынын негиздөөчүсү жана лидери, ырчы, гитарист, обондорду жана ырларды жараткан. Бир нече тасмада тартылган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Виктор Цой Ленинграддын, Москва районунундагы (м. Парк Победы, Кузнецовский көчөсү, 25 үй) төрөт үйүндө дене тарбия мугалими Валентина Васильевна Цой (8 январь 1937 — 28 ноябрь 2009) жана түбү кореялык болгон инженер Роберт Максимович Цой (5 май 1938 туулган) үй бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө жалгыз бала болгон. Бала төрөлгөндөн киийн, аны Москва проспектиндеги № 193, үйгө алып келишкен.

1974-жылдан баштап 1977-жылга чейин көркөм орто мектепке барып турган, ал жерден «Палата № 6» группасы түзүлгөн, башында Максим Пашков турган. В. Серов атындагы көркөм училищасынан [1], сабакка толук жетише албагынан улам ал жерден чыгарылгандан кийин, СГПТУ-61ге, бак кесүүчү кесибине тапшырган. Жаш кезинде Михаил Боярскийдин жана Владимир Высоцкийдин чыгармаларына ашык болгон, кийинчерээк Брюс Линин имижин туурай баштаган[2][3]. Чыгыш күрөштөрү менен кызыккан жана Юрий Каспарян менен "кытайча" урушуп турган, дарактан профессионалдуу нэцкэ фигураларын кескен.

Унаа кырсыгынан каза табуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990 жылы 15 августта , саат 12:28 де Виктор Цой жол кырсыганан каза табат. Жол транспорт кырсыгы Латвиянын, Тукумсунун Слока — Талси» трассасынын 35-км, Ригадан ондогон километр аралыкта болгон. Чындыкка ылайыктуу расмий версияга ылайык, Виктор Цой айдап баратып уктап калган,[4] ошондон улам анын ачык-боз түстөгү «Москвич-2141» [5] унаасы, каршы тилкеге чыгып «Икарус-280» автобусу менен кагылышкан[4][6][7].

«Москвич-2141» автоунаасынын кочкул-көк түстөгү «Икарус-280» рейстик автобусу менен кагылышуусу, 1990 жылдын 15 августу саат 12:28 де Слока — Талси трассасынын 35-км болгон. Автоунаа трассада 130 км/c ылдамдык менен жүрүп бараткан, айдоочу Виктор Робертович Цой унааны башкара албай калган.

В. Р. Цойдун өлүмү тез болгон, автобстун айдоочусу жабыр таркан жок.

…В. Цой өлүм алдында алкоголь ичкен эмес. Мээ клеткасынын анализи, ал чарчоодон улам уктап калгандыгын божомолдойт.

милиция протоколунан; kinoman.net сайтынын маалыматы боюнча[8].

19 августа Виктор Цой в Ленинграддын Богословск көрүстөнүндө көмүлгөн.

«Цойдун дубалы» Кривоарбат переулогу, Москва шаары

Виктора Цойдун өлүмү баардык сүйрөрмандары үчүн шок болгон. Бир нече фанаты, жада калса өз жанын кыюуга барган.[9]. Виктор менен акыркы сапарга коштошууга миңдеген киши келди.

Үй бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Виктор Цойдун чоң атасы - Сын Дюн Цой (Максим Максимович Цой) - Казахстанда жашаган корей улутунан жана анын төрт баласы болгон: Юрий, Роберт (Виктордун атасы), Леонид жана Лев, жана кызы Алла[10].
  • Атасы - Роберт Максимович Цой (1938 жылы Май айында туулган — инженер.
  • Энеси - Валентина Васильевна (б. Гусева) (8-январь 1937 — 28-ноябрь 2009, Пушкин) - дене тарбия мугалими.
  • Марианна Игоревна Цой (б. Родованская) 5-март 1959 — 27 июнь 2005) — жубайы. Виктор Цой жана Марьяна 1987-жылы ажырашышкан, ал Москвага көчүп кетип, Наталья Разлоговага менен туруп калган. Бирок, расмий түрдө никеден чыккан эмес[11].
  • Александр Викторович Цой (төр. 26-июль 1985) - Виктордун жалгыз баласы, программист болуп иштейт, расмий түрдө Елена Осокиной мамиле түзгөн[12]. 2010-жылдын декабрында атасы Роберт Максимович Цой экинчи жолу үйлөнгөн[13]; өзүнүн биринчи интервьюсунда (июнь 2012, «Москва-24») клуб менен иштешерин, музыка жазып жана дизайнер жасалгалоочу болуп иштеп жатканын айткан[12].
  • Наталья Эмильевна Разлогова - Виктор Цойдун акыркы сүйүүсү, кинотаанучу жана котормочу, белгилүү кинотаануучу Кирилл Разлоговдун карындашы, Цойдун өлүмүнөн кийин Евгений Додолевке турмушка чыккан жана АКШга кетип калган, анын күйөөсү менен эки баласы бар, аны Цой жөнүндөгү документалдык тасмалардан көрсө болот - «Солнечные дни» (1996), «Еловая субмарина: Виктор Цой. Дети минут» (2008), «Жизнь как кино» (2005)[14].

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1970-жылдардын аягында жана 1980-жылдардын башында «Пилигримы» группасынан Алексей Рыбин менен «Палата № 6» группасында бас-гитарада ойноп жүргөн Виктор Цойдун ортосунда тыгыз байланыш түзүлөт. Экөө чогуу Майк НауменкогоЗоопарк») же Андрей Пановго (Свин) конокко келип турушкан.

Ошол жерде Виктор Цойдун биринчи квартирниктери өткөн. Таанымал боло баштаганы, Виктор Цой жана Алексей Рыбин «Автоматические удовлетворители» курамында Москвага барып Артемий Троицкийдин квартирниктеринде панк-рок-металл ойношкон. Ушундай сапарлардын бириндеэлектричкада бас гитаранын коштоосунда ойноп жаткан жеринен Борис Гребенщиков байкап калган. Ал Викторго өзү гана эмес, Андрей Тропилло, Сергей Курёхин жана башкалар дагы жардам сунуштаарын айтат.

Биринчи альбому[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1981-жылдын жайында Виктор Цой, Алексей Рыбин жана Олег Валинский болуп «Гарин жана гиперболоиддер» группасын түзүп, ошол эле күздө Ленинграддын рок-клубуна мүчө болушат. Кийинчерээк Валинскийди армияга алып кеткенде, группанын аты «Кино» деп алмаштырылып, биринчи альбомун жаздырууга өтүшөт. «Кино» Борис Гребенщиковдун башкармалыгында Жаш Техник Үйүндөгү Андрей Тропиллонун студиясында жазыла башташат. Жаздырууга «Аквариумдун» баардык музыканттары катышышкан. Тез эле «Кино» өзүлөрүнүн биринчи электиркалык концерти менен рок-клуб фестивалында чыгышкан, баардык композициялар драм-машинанын коштоосунда жүргөн, «Когда-то ты был битником» аткарылып жатканда сценанын артынан БГ, Майк жана Панкер гитарасы менен секирип чыгышкан. 1982-жылдын жайында альбом толук жазылып бүтүп, узактыгы 45 мүнөттү түзгөн, аталышы ушундан улам пайда болгон. Бирок акыркы вариантында «Я — асфальт» ыры алынган, аны «45» альбомунун чыгарлыган версиясында бонус трек катары берилген.

Альбом өлкө боюнча тарап, группа жөнүндө сөз жүрө баштаган. "Кино" Москвада жана Ленинградда квартиралык концерттерин бере баштаган. Күзүндө Зоопарк тобунун барабанчысы менен бирге, «Кино» Кусковдун студиясында бир нече ыр жаздырышат, алардын арасында «Неизвестные песни Виктора Цоя»(бардыгы төрт чыгарылыш) топтомосунун курамына кирген «Весна» жана «Последний герой» ырлары дагы болгон.

Жаздыруу мүчүлүштүү деп эсептелип, тасманы Виктор үйүнө алып кеткендиктен кеңири жайылган эмес.

1983-жылдын 19-февралында «Кино» жана «Аквариумдун» биргелешкен электрикалык концерти болгон, музыканттар кара макияж жана стразасы бар костюмдар менен чыгышкан. «Электричка», «Троллейбус» жана «Алюминиевые огурцы» ырларын аткарышкан. Негизги курамга Каспарян жана Густав чакырылган. Жазында Цой менен келишпестиктерден улам Алексей Рыбин «Кино» группасынан кетет. Жайында жаңы гитарист менен репететиция кылышат. Жыйынтыгында Виктор Цой жана Юрий Каспарян алгач «Начальник Камчатки» альбомунун деможаздыруусу катары ойлонулган «46» альбомун жаздырышат. Алексей Вишня жаздырууну досторуна көчүрүп берет. «46» кеңири таралып, толук кандуу альбом катары кабыл алынган. 1983-жылдын күзүндө Виктор Цой армиядан качып, Пряжкадагы психиатрикалык ооруканада бир жарым ай изилдөөгө жатат. Психиатрикалык клиникадан чыккандан кийин «Транквилизатор» ырын жаздырат. Жазында рок-клуб фестивалында чыгып, ал жерден «Кино» лауреаттык наам алат, фестивалды ачкан «Я объявляю свой дом безъядерной зоной» ыры, 1984-жылкы фестивалдын антиаскердик темадагы мыкты ыры деп таанылат.

Кинонун экинчи курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фильмография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1982 — «45»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Время есть, а денег нет
  2. Просто хочешь ты знать
  3. Алюминиевые огурцы
  4. Солнечные дни
  5. Бездельник
  6. Бездельник 2
  7. Электричка
  8. Восьмиклассница
  9. Мои друзья
  10. Ситар играл
  11. Дерево
  12. Когда-то ты был битником
  13. На кухне
  14. Я — асфальт (впервые включена в 1996 году как bonus track)

1983 — «46»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Троллейбус
  2. Камчатка
  3. Транквилизатор
  4. Я иду по улице
  5. Дождь для нас
  6. Пора
  7. Каждую ночь
  8. Без десяти
  9. Музыка волн
  10. Саша
  11. Хочу быть с тобой
  12. Генерал
  13. Стань птицей (бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)
  14. Сельва (С.Курёхин — В.Болучевский) (бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)
  15. Я хочу быть кочегаром (бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)

1984 — «Начальник Камчатки»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Последний герой
  2. Каждую ночь
  3. Транквилизатор
  4. Сюжет для новой песни
  5. Гость
  6. Камчатка
  7. Ария Мистера Х
  8. Троллейбус
  9. Растопите снег
  10. Дождь для нас
  11. Хочу быть с тобой
  12. Генерал
  13. Прогулка романтика
  14. Танкисты (элдик ыр болушу мүмкүн) (бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)
  15. Анаша (элдик ыр болушу мүмкүн) (бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)
  16. Постой, паровоз (Булат Окуджава)(бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)

1985 — «Это не любовь»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Это не любовь
  2. Весна
  3. Уходи
  4. Город
  5. Проснись
  6. Ты выглядишь так несовременно
  7. Я объявляю свой дом
  8. Саша
  9. Верь мне
  10. Дети проходных дворов
  11. Музыка волн
  12. Разреши мне (бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)
  13. Стишок (бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)
  14. Прохожий (бонус трэк катары алгач 1996-жылы кошулган)

1986 — «Ночь»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Видели ночь
  2. Фильмы
  3. Твой номер
  4. Танец
  5. Ночь
  6. Последний герой
  7. Жизнь в стёклах
  8. Мама Анархия
  9. Звёзды останутся здесь
  10. Игра
  11. Мы хотим танцевать

1988 — «Группа крови»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Группа крови
  2. Закрой за мной дверь, я ухожу
  3. Война
  4. Спокойная ночь
  5. Мама, мы все сошли с ума
  6. Бошетунмай
  7. В наших глазах
  8. Попробуй спеть вместе со мной
  9. Прохожий
  10. Дальше действовать будем мы
  11. Легенда

1989 — «Звезда по имени Солнце»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Песня без слов
  2. Звезда по имени Солнце
  3. Невесёлая песня
  4. Сказка
  5. Место для шага вперед
  6. Пачка сигарет
  7. Стук
  8. Печаль
  9. Апрель

1989 — «Последний герой»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Хочу перемен!
  2. Электричка
  3. Война
  4. Троллейбус
  5. Печаль
  6. Последний герой
  7. Группа крови
  8. Мама, мы все тяжело больны
  9. В наших глазах
  10. Спокойная ночь

1990 — «Чёрный альбом»[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кончится лето
  2. Красно-жёлтые дни
  3. Нам с тобой
  4. Звезда
  5. Кукушка
  6. Когда твоя девушка больна
  7. Муравейник
  8. Следи за собой
  9. Сосны на морском берегу (впервые включена в 1996 году как bonus track)
  10. Завтра война (впервые включена в 1996 году как bonus track)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. ныне имени Николая Рериха
  2. Виктор Цой на сайте «Личности»
  3. «Петербургский курьер». Он не был ангелом, как не был и демоном Archived 2009-01-18 at the Wayback Machine
  4. 4.0 4.1 Схема аварии на сайте РИА Новости  (Текшерилди 10 -май (бугу) 2009)
  5. Комментарий отца Виктора — Роберта Максимовича, в передаче «Битва экстрасенсов».
  6. Место гибели Виктора Цоя Kinoman.net  (Текшерилди 22 Апрель 2009)
  7. Иван Щербаков, 20 лет назад разбился Виктор Цой. Сотрудник ГИБДД анализирует ту аварию// KMnews, 16.08.2010
  8. Н. Солдатенков, КИНО без Цоя? // Сайт kinoman.net, Библиотека
  9. Гибель Цоя: как произошла авария на трассе Слока-Талси. ИНФОграфика
  10. Цойдун үй-бүлөсү
  11. Последняя любовь Цоя. Текшерилген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 28 -январь (үчтүн айы) 2012.
  12. 12.0 12.1 Москва 24 ― Сын Виктора Цоя дал первое телевизионное интервью
  13. Отец и сын Виктора Цоя женятся
  14. Рашид Нугманов: «Воскрешения Цоя не будет!». Текшерилген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 28 -январь (үчтүн айы) 2012.