Чаарташ аска бетиндеги сүрөттөр

Википедия дан

Чаарташ аска бетиндеги сүрөттөр – Кетментөбө өрөөнүнүн Толук кыштагындагы Улартор суусунун жогорку бөлүгүндө жайгашкан археологиялык эстелик. Аталган суунун жээгинде узундугу 1 кмге созулган аянтта таштардын бетине эчкилердин, бугулардын, төөлөрдүн, иттердин, жаа кармаган мергенчилердин, атчан кишилердин жана уруулук эн тамгалардын сүрөттөрү тартылган. Өзгөчө тоо эчкилердин сүрөттөрү арбын чегилген. Алар коло доорунан орто кылымга чейин жашаган уруулардын маданий турмушунан маалымат берет. Археолог И. Кожомбердиев 1970-жылы изилдеген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.