Чагалдай

Википедия дан

Чагалдай"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Манастын аталаш туугандарынын бири, Үсөндүн (Көзкамандын экинчи уулу. "Манас" эпосунда Жакып Манасты Ошпурдан алып келе жаткан учурда ата-бабасы жана туугандары жөнүндө аңгемесинде бир тууганы Үсөн калмактарга айдалып барып, калмакташып, Үсөн аты жоюлуп калмакча Көзкаман атка конгону, калмактан аял алып андан төрөлгөн экинчи уулу Ч. экени Жакыптын сөзүндө айтылып өтөт. Көзкамандар окуясында Манасты ууландырууга катышат жана алар бирин-бири бычакташып ажал табат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4