Чада

Википедия дан

Чада ( тай тил. ชฎา ), монгкут ( тай тил. มงกุฎ ) — Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө падышалык бийликтин белгиси катары колдонулган баш кийим. Асыл таштар менен кооздолуп, алтын жалатылып жасалган узун баш кийимдин төбөсү учтуу болот. Бул баш кийим Камбоджада жана Таиландда падышалык бийликтин белгиси болуп саналат.

Салттуу тай театрында чаданы хандын, падышанын ролун ойногон актёрлор колдонушат. Ушундай эле аялдарга арналган баш кийим монгкут деп аталат.

«Чада» деген сөз тай алфавитинин 14-тамгасы dochada - белгилөө катары колдонулат.

Этимологиясы жана келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таажынын ар кандай түрлөрү «jaṭāmakuṭa» символунун белгиси болгон баш кийими катары пайда болгон. Шива менен Авалокитешваранын[1]иконографиясында таажынын формасына окшоп түйүлгөн чачтардын сүрөтү көп кездешет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://archive.org/details/buddhacrownavalo00holt John Clifford|заглавие=Buddha in the crown: Avalokitesvara in the Buddhist traditions of Sri Lanka

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]