Чад (көл)

Википедия дан
Чад көлү.

Чад көлү (Tchad, Chad) – Нигерия, Нигер жана Камерун мамлекеттеринин аймагындагы туюк көл.

Аянты 10 миңден 26 мин км2ге чейин (көп жылдык деңгээлинин өзгөрүп турушуна байланыштуу). Тереңдиги 4-11 м. Батыш жана түштүк жээктери жапыз, басымдуу бөлүгү саздак; түн'.-чыгышы булуң-буйткалуу, аралдары көп. Көлгө Шари жана Комадугу-Иобе д. куят. Дарыя чаттарына жакын жерде суусу тузсуз. Көлдүн суусу жер асты менен башка жакка кетип тургандыктан, дайыма алмашып турат; айланасындагы жер астындагы сууларды толуктоодо мааниси зор. Ламантин, керик, крокодилдер мекендейт. Суу жана саз куштары уялашат. Балык кармалат.

Кеме (Шари жана Комадугу-Йобе д-нын чаттарынын аралыгында) жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4